Пандемия 10 миллиондон ашык баланы ата-энесинен ажыратты

© Sputnik / Мигель Кандела / Медиабанкка өтүүЭнесин кучактаган аял. Архивдик сүрөт
Энесин кучактаган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2022
Жазылуу
Окумуштуулар ДССУнун, Сиэтлдеги саламаттык сактоо институтунун жана The Economist журналынын маалыматтарын талдап чыгышкан.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча 10,5 миллион баланын ата-энесинин же камкорчуларынын бири COVID-19дан каза болгон. Бул тууралуу Pubmed жазды.
Эл аралык окумуштуулар тобунун изилдөөсүнө ылайык, Индия, Индонезия, Египет, Африканын көптөгөн аймактары жана Түштүк-Чыгыш Азия бул жагынан эң көп жапа чеккен.
Окумуштуулар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, Сиэтлдеги саламаттык сактоо институтунун (АКШ) жана The Economist журналынын төрөлүү, ашыкча өлүмдөр боюнча маалыматтарына таянышкан.
Ашыкча өлүм — бул 2020-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 1-майына чейинки мезгил ичинде күтүлгөн жана капысынан болгон өлүмдүн ортосундагы айырма.
Киши баланын температурасын өлчөп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Коронавирус пандемиясы бүттү деп айтуу эрте. Инфекционисттин пикири
Жаңылыктар түрмөгү
0