Министрлик көк бөрүнүн аттары эмнеге Түркияга алып барылбаганын түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКок бору оюну. Архив
Кок бору оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2022
Жазылуу
Көк бөрүчүлөр аттарды Түркиядан ижарага ала турган болгон.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрүнүн аттары транспорт маселесинен улам алып барылбай калды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, Кыргызстан бардык авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында жалгыз гана "Муалем Авиейшн" компаниясы белгиленген шарттарда аттарды алып барып, кайра алып келүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген.
"Алдын ала макулдашуу боюнча, аттар 27-сентябрда учуп, кайра 3-октябрда кайтып келмек. Бирок түрк тарап көк бөрү оюну Көчмөндөр оюндарында расмий мелдеш катары киргендиги тууралуу маалыматты кеч берди. Мындан улам аттарды кайра Кыргызстанга алып келүүдө авиакомпаниянын учуу мөөнөтүн системада башка тараптар ээлеп алгандыгы белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга байланыштуу аталган авиакомпания эки жумадан кийин гана кайра алып келе аларын билдирген. Мындай узак мөөнөткө аттарды Түркияда кармоо шарты Кыргызстан үчүн туура келбегендиктен ижарага алуу чечими чыкканы белгиленди.
Ушундай эле көрүнүшкө Казакстандын да командасы туш болгону айтылды. Самолёт Кыргызстандын 24 жана Казакстандын 15 аргымагын алып кетмек. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн тең көк бөрүчүлөрү аттарды ижарага алмай болушту.
Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары жакындап калганда көк бөрү мелдеш катары кирбей, көрсөтмө иретинде гана ойнолору айтылган. Бул кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн арасында нааразылыкты жараткан. Кийинчерээк кайра программага кирип, бирок аттары жок бара турган болушкан. Соцтармакта "жол чыгымдары кымбат болгондуктан аттарды алып барбай жатышат" деп талкуулап жатышкан.
Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын талисманы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
Быйылкы Көчмөндөр оюндарынын тумары бөлтүрүк болду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0