Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Жаңы дүйнө жана АКШнын цинизми. Лавровдун БУУда сүйлөгөн сөзү

© Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2022
Жазылуу
Россиянын тышкы саясат ведомствосунун башчысы учурдагы дүйнөлүк саясат жана Украина көйгөйүнө токтолду.
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөдү. Урунттуу учурларын РИА Новости агенттиги жазды.

Эл аралык коопсуздук боюнча

Эл аралык коопсуздук тармагындагы абал тездик менен начарлап бара жатат. Бүгүнкү күндө дүйнө келечекте кандай болору чечилүүдө. Бул бир өлкө үстөмдүк кылган тартип болобу же демократиялык, адилеттүү дүйнө болобу, убакыт көрсөтөт. Россия экинчи вариантты тандап, союздаштары, өнөктөштөрү жана пикирлештери менен бирге аны ишке ашыруу багытында иштөөгө чакырат.
Ошондой эле БУУнун өзүнө адилет талкуулардын аянтчасы макамын кайтарып алууга мүмкүнчүлүгү бар экенине ишеним артты. Россия дал ушул ниет менен БУУ аркылуу улуттук демилгелерин жайылтууга аракет кылып жатат.

АКШнын саясаты жөнүндө

АКШ менен анын союздаштары тарыхты бурмалаганга күч үрөөдө. Канчандыр бир кезде кансыз согушта жеңгенин жарыялап, Вашингтон өзүн кудайдын жер бетиндеги элчисиндей кылып көрсөтүп койгон. Башкача айтканда, анын милдети жок, укугу гана бар. Саясаты өзүнө туура келбей калган өлкөлөрдүн аймагында каалаганын кыла берет.
Бүгүнкү күндө улуттук кызыкчылыктарды коргоого даяр суверендүү мамлекеттер тең укуктуу, көп уюлдуу башкаруу системасын жакташат. Бирок объективдүү геосаясий процесстер Вашингтон жана Батыш өлкөлөрүнүн башкаруучу элитасы тарабынан такыр кабыл алынбай жатат. Алар өз үстөмдүгүнөн ажырап калуудан абдан коркушат.
Россия президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2022
Путин студенттерди аскерге чакыруу мөөнөтүн узарткан жарлыкка кол койду

ЕБ саясаты жөнүндө

Европа биримдиги катаал диктатордук уюмга айланып бара жатат. Чечим кабыл алууга, уруксат берүүгө, өкүм чыгарууга ошолордо гана укук бар сыяктуу. Ошондой эле Балтика өлкөлөрүнүн орустарга карата расисттик мамилесине көңүл бургубуз келет. Батыштагы коңшулар Россияга өлкө катары, орустарга улут катары расисттик көз карашта экени маалым.

Референдум жөнүндө

Батыш Донецк жана Луганск республикаларындагы, ошондой эле Запорожье жана Херсон облустарындагы референдумга нааразы болду. Бирок ал жерде жашагандар чындыгында президент Зеленский 2021-жылдын августундагы интервьюларынын биринде берген сунушун унутушпайт. Ал өзүн орус сезгендердин баарына балдарынын жана неберелеринин жыргалчылыгы үчүн Россияга барууга кеңеш берген. Учурда аталган аймактардын тургундары ата-бабалары кылымдар бою жашап келген жери менен Россияга кошулууда.

Украина кризиси боюнча

Россия Украина менен сүйлөшүүдөн баш тартпайт, бирок Киев канчалык создуктурган сайын сүйлөшүү ошончолук кыйындайт. Жакында эле Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командирлеринин бири америкалык куралдын согуш талаасында колдонулушу боюнча комментарий берип жатып "ооба, америкалыктар биз тандаган буталарга вето коюуга укуктуу" деди. Өлүмгө алып келүүчү куралдарды бутага алуу түздөн-түз согушка катышуу болбосо, бул эмне? Бул жерде Украина эмес, Батыш чечим кабыл алууда.
Украина президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Израилдин курал-жарак жеткирбей жатканына таң калып, нааразы болду
Жаңылыктар түрмөгү
0