00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Темиржан уулу: бир күндө тарткан тасмам Москвадагы фестивалга катышты

© Sputnik / Асель СыдыковаЖаш кинорежиссер Тыныстан Темиржан уулу
Жаш кинорежиссер Тыныстан Темиржан уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Жазылуу
Жаш кинорежиссер Тыныстан Темиржан уулу кино чөйрөсүнө кандайча аралашып калганы жана фильмдеринин ийгиликтери тууралуу айтып берди.
Атам Темиржан Абдылдаев — Алай музыкалык драма театрынын режиссеру. Кичинемден гастролдордо жүрүп, спектаклдерде майда эпизоддук ролдорду ойноп сахнада чоңойдум. Менин театр же болбосо кинорежиссеру болуу максатым бар болчу. Ата-энемдин акысыз окусаң Бишкекке жиберебиз деген шарты менен КТМУнун радио, телевидение жана кино бөлүмүндө окуп калдым. Бул тууралуу Тыныстан Темиржан уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Темиржан уулу: бир күндө тарткан тасмам Москвадагы фестивалга катышты
Анын айтымында, жакында эле "Экспедиция" кыймылынын алкагында Казакстанга барып жаңы тасма тартып келген.

"Окууну бүтүп жатып дипломдук ишимде "Ромео" аталышындагы оюн фильмин тарттым. Бул чыгарма менин эки жылдык өмүрүмдү алды. Анда менин кичинемде гастролдо жүрүп алган таасирим, сезимдерим берилгени менен окуя, андагы каармандар ойдон чыгарылган. Алайда Кабылан-Көл айылында ташталган театр бар. Ал жерде отургучтар устундан жасалган, кампадай болгон театр. Ал жерде балдар "Ромео жана Жульетта" спектаклин коюп ойношот. Кинодо жаш балдардын сүйүү сезими чагылдырылат. Азыркыга чейин фильм боюнча иштеп жатам. 2023-жылы премьерасы болот. Андан соң "Экспедиция" кыймылынын алкагында Айбек Дайырбековдун көркөм жетекчилигинин астында бир күндүн ичинде футбол талаасын кыялданган камкор уул, чынчыл, эмгекчил, шайыр жана кыялкеч бала тууралуу "Жашыл талаа" аттуу даректүү тасма тарттым. Анын дүйнөлүк премьерасы 2022-жылдын 26-август — 2-сентябрь күндөрү өткөн Москва эл аралык 44-кинофестивалында болду. Аталган сынак — "А" класстагы фестиваль. Бул эмгегимден үмүт артып эч нерсе күткөн эмесмин, күтүүсүз болду. Ал эми картина кыска метраждуу фильмдер сынагына киргизилген. Фестивалдын калыстары кыска мезгилде тартылган чыгармага жакшы пикирлерин айтып, ушул каармандын катышуусунда толук метраждуу фильм тартууну сунушташты", — деди Темиржан уулу.

Ал "Жашыл талаа" фильми менен VII "Байкоңур" кыска метраждуу фильмдердин эл аралык фестивалына катышканын да кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0