Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Баткенде жаңы үйлөрдү салуу иштери эки күндөн кийин башталары айтылды

Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Жазылуу
Буга чейин Садыр Жапаров Баткен облусундагы керектен чыккан үйлөрдү 2-3 айда бүтүрүүнү тапшырганы айтылган.
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстанга Тажикстандын кол салуусунан улам Баткендеги айылдардагы талкаланган турак жайлардын ордуна жаңыларын салуу иштери эки күндөн кийин башталат. Бул тууралуу бүгүн президенттин администрациясынын башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев билдирген.
Анын айтымында, ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишин тез арада аяктап, 26-сентябрдан баштап турак жайларды сала баштайт.
Баткенге болгон иш сапарынын алкагында билдиргенин Медиа штаб кабарлады.
"Жабыр тарткан турак жайларды эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көрүп кетишти. Биринчи күндөн баштап курулуш техникалары келип баштайт. Тамдарды тургузуу республикалык бюджеттен каржыланат. Кирпич менен тургузулуп, үстү монолит менен жабылат. Эски үйлөрдүн баары алынат да, жаңы имараттар тургузулат", — деп айтканын Медиа штаб кабарлады.
Буга чейин Садыр Жапаров Баткен облусундагы керектен чыккан үйлөрдү 2-3 айда бүтүрүүнү тапшырганы айтылган.

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу баскынчылыгы

Тажик тараптын кол салуусунан 62 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 169 киши ар кандай жаракат алган, оор абалдагылар Ош жана Бишкектеги ооруканаларга жеткирилди.
Баткенде 1 158 объект талкаланган, анын 613ү — турак үйлөр.
Эске салсак, 14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон болчу. Бирок 16-сентябрдын таңында Баткен облусунун бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Аткылоого тажик аскерлери эле эмес, жалданма топтор дагы аралашкан.
Кыргызстандын Чек ара кызматы күч түзүмдөрү тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында оор техникаларды, авиация, "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлаган.
Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов атышууну токтотууга макулдашкан. Бирок ага карабай тажик тарап кайра ок чыгарган. Миномёттун снаряддары Баткен шаарынын чок ортосуна да түшүп, бир катар объектилер талкаланган.
Андан соң алар17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштаган.
Тажикстандын аскерлери, жөнөкөй жарандары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы ондогон үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен.
Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады. Садыр Жапаров дагы БУУнун сессиясында бүт дүйнөгө Тажикстан Кыргызстанга агрессиялуу түрдө чыккынчылык менен кол салганын белгиледи.
Тажикстандын Баткен облусуна кол салуучу учурунда талкаланган турак үй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстандын кол салуусунан Баткенде 1 158 объект талкаланган, анын 613ү турак үй
Жаңылыктар түрмөгү
0