Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Баткенде кайрадан ок атылдыбы? Чек ара кызматынын жообу

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүКыргыз-тажик чек арасындагы кыргыз жоокерлери
Кыргыз-тажик чек арасындагы кыргыз жоокерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Жазылуу
Чек ара кызматы коомчулукту социалдык тармакта такталбаган ар кандай маалыматтарды таратып элди дүрбөлөңгө түшүрбөөгө чакырды.
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кечки саат 18:20 менен 18:50нүн ортосунда Баткендеги Достук айылынын тушунда, Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылганы угулду. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Мекеме кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу бойдон сакталып турганын белгиледи.
"Лейлек районунун Максат айылында жарандардын автоунааларына ок атылды делген жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы коомчулукту социалдык тармакта такталбаган ар кандай маалыматтарды таратып элди дүрбөлөңгө түшүрбөөгө чакырды.
Тажикстандын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Жалган маалымат таратып кырдаалды курчутпагыла. Бишкек Душанбени айыптады
Жаңылыктар түрмөгү
0