Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акматов: Кочкордо сактар дооруна таандык көрүстөндөр табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековТарых илимдеринин кандидаты, Кочкордогу археологиялык топтун жетекчиси Күнболот Акматов
Тарых илимдеринин кандидаты, Кочкордогу археологиялык топтун жетекчиси Күнболот Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Жазылуу
Тарых илимдеринин кандидаты, Кочкордогу археологиялык топтун жетекчиси Күнболот Акматов аталган аймакта табылган курганды изилдөөнүн натыйжасында жаңы ачылыштар болорун боолголоду.
Кочкордо 44 тарыхый археологиялык эстелик изилденүүдө. Андагы көрүстөндөрдүн айрымдары сактардын дооруна таандык экени белгилүү болду. Бул тууралуу Күнболот Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Акматов: Кочкордо сактар дооруна таандык көрүстөндөр табылды
Анын айтымында, учурда Кочкор өрөөнүндө табылган курганда 80ге чукул көрүстөн изилденүүдө.
"Тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча мыйзамга ылайык, 2016-2018-жылдары түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун бир бөлүгү болгон Эпкин — Баш-Кууганды участогунда атайын археологиялык экспертиза жүргүзүлгөн. Натыйжада Кочкор өрөөнүндө 44 тарыхый археологиялык эстелик аныкталган. Аларды изилдөө чечими чыгып, жеринде археологдор иштеп жатат. Табылгаларга ылайык, көрүстөндөр сактар доорунан тарта 18-19-кылымдагыларга чейинки экени белгилүү болду. Андагы сөөктөр кайсы доордун адамдарына таандык экени, кандай тамактанганы изилденет. Буга чет элдик адистер, лабораториялар тартылат. Ал жерден металлдан жасалган буюмдар, бычак, эки алтын сөйкө жана көптөгөн чопо идиштер табылды. Мына ошолордун негизинде бир топ жаңы маалыматтарды аларыбызга үмүт артып жатабыз. Албетте, коомчулук үчүн алтын кызыгууну жаратса керек, бирок археологдорго чопо буюмдар кызыктуу, аларда көп маалымат камтылган", — деди Акматов.
Ошондой эле ал жол башталгыча тийиштүү изилдөөлөрдү жүргүзүп жетишип калуу зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0