Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алыбаев: ЕАЭБдин "Чек арасыз жумуш" долбоорунун I этабы ишке ашты

© Sputnik / Асель СыдыковаЭмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Жазылуу
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев "Чек арасыз иш" долбоору ЕАЭБге кандай мүмкүнчүлүктөрдү берерин айтты.
Евразия экономикалык комиссия кеңеши 2021-жылдын 1-июлунан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринчи биргелешкен санарип долбоору болгон "Чек арасыз жумуш" бирдиктүү издөө тутумун ишке киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган. "Чек арасыз жумуш" кызматы — ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жумушчулары үчүн иш табуу жана резюмесин жайгаштыруу үчүн атайын тиркеме. Бул тууралуу Алмаз Алыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Алыбаев: ЕАЭБдин "Чек арасыз жумуш" долбоорунун I этабы ишке ашты
Анын айтымында, бүгүнкү күндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн "Чек арасыз жумуш" долбоорунун биринчи этабы ишке ашырылды.
"Чек арасыз жумуш" долбоору ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына Россиянын, Кыргызстандын, Беларустун, Казакстандын жана Армениянын каалаган жеринде үйлөрүнөн чыкпай туруп жумуш табууга мүмкүнчүлүк берет. Бул үчүн сиз жумуш издөө порталына кирип, адистикти тандап, ЕАЭБ аймагында иш издөө баскычын басып, каалаган иш тармагын тандап, эмгек акыны кайсы валютада аларыңызды, минималдуу эмгек акыны жана билим деңгээлиңизди көрсөтөсүз. Мындан тышкары, тутумда жумуш издөө процессин тездете турган бир катар кошумча куралдар бар. Ар бир өлкө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башка мүчөлөрүнө көрүнө тургандай кылып издөөчүлөрдүн жана иш берүүчүлөрдүн өзүнүн маалымат базасын түзөт. Ошентип системанын биринчи этабын ишке ашырдык. ЕАЭБ жарандары үчүн "Чек арасыз жумуш" долбоорунун алкагында иш берүүчүлөр жана жумуш издөөчүлөр үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган экинчи этап 2024-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт", — деди Алыбаев.
Ал мындай электрондук кызмат ЕАЭБдин санарип чөйрөсүнүн негизи болуп каларын, анын негизинде чет элдик жумушчулардын жашоосун жана эмгегин кыйла жеңилдеткен башка мүмкүнчүлүктөр дагы иштелип чыгарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0