Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акунбеков: экспортту өстүрүү үчүн агрохолдинг түзүү зарыл

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Бай дыйкан" айыл чарбасын колдоо борборунун башкы директору Эрлист Акунбеков
Бай дыйкан айыл чарбасын колдоо борборунун башкы директору Эрлист Акунбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Жазылуу
"Бай дыйкан" айыл чарбасын колдоо борборунун башкы директору Эрлист Акунбеков айыл чарба азыктарын экспортоодогу көйгөйлөр тууралуу айтып берди.
Айыл чарба азыктарын экспортоодо чыккан бир катар көйгөйлөрдү чечүү үчүн агрохолдинг түзүү зарыл. Бул тууралуу Эрлист Акунбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Акунбеков: экспортту өстүрүү үчүн агрохолдинг түзүү зарыл
Анын айтымында, агрохолдинг дыйкандарга продукциясын ЕАЭБге сатууну жеңилдетет.
"Кыргызстан калкынын көбү элетте жашап, айыл чарба тармагында эмгектенет. Ошондуктан айыл чарба азыктарынын көлөмү, аны сатуунун жолдору боюнча маселе орчундуу. Бул багытта мамлекеттин жетекчилиги тийиштүү реформаларды жүргүзүп жатат, бирок натыйжа тез арада боло калбайт. Мисалы, азыркы тапта кандайдыр бир деңгээлде түшүм алынат, аны экспорттоонун эки жолу бар. Биринчиси — чоң соода түйүндөргө жеткирүү. Экинчиси — базарга алып барып сатуу. Бул экөөндө тең көйгөйлөр бар. Маселен, соода түйүндөрүнүн талаптары абдан татаал, аны аткаруу кыйын. Ошондуктан көбүнчө экспорттук продукция Россия, Казакстандын базарларында сатылат. Ал жерде дагы бир топ тоскоолдук кездешет. Ошол эле Россиянын базарларын башка улуттун өкүлдөрү ээлеп алган. Дыйкандардын продукциясы ошол далдалчылардын колуна түшөт. Алар өз үлүштөрүн кошкондо азыктын баштапкы баасы дагы көтөрүлөт. Натыйжада атаандаштыкка туруштук берүү үчүн арзаныраак сатуу зарыл. Албетте, бул деген базар, кээде жакшы пайда тапкан учурлар болот. Ушунун баарын иреттештирген кандайдыр бир система жок. Андыктан агрохолдинг түзүп, анын өкүлчүлүктөрүн Россиянын базарларында ачуу зарыл. Ал иштеп калса дыйкандарга кыйла жеңил болмок. Мисалы, республика боюнча дыйкандардын продукциясын топтоп, аны базардагы суроо-талапка жараша жеткирүү колго алынат", — деди Акунбеков.
Ошондой эле ал агрохолдинг базардагы суроо-талапты анализдеп, дыйкандарга маалымат берип турарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0