Кан тапшыруу алдында сактала турган негизги эрежелер

© Sputnik / Табылды КадырбековКан тапшырып жаткан адам. Архив
Кан тапшырып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2022
Жазылуу
Бишкектиктер Айтматов проспектинде жайгашкан Республикалык кан борборуна кайрылса болот.
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Адистер кан тапшыруу алдында кандай эрежелерди сакташ керектигин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун "Сак-саламат" каналы эскертти.
Учурда кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жаракат алгандар үчүн республикада кан тапшырууга каалаган кыргызстандыктар көп болууда. Мындан улам медиктер төмөнкү эскертүүнү жасашкан:
"Келген адамдын жанында паспорту, айдоочулук күбөлүгү же аскердик билети болушу шарт. Кан тапшыруунун алдында донор майлуу, куурулган тамактарды, сүт азыктарын ичпеши керек", — деп эскертишти.
Бишкек шаарынын жашоочулары Чыңгыз Айтматов проспекти, 60 дарегинде жайгашкан Республикалык кан борборуна кайрылса болот.
Борбор дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 08:00дөн 14:00гө чейин, ишемби күнү саат 08:00дөн 11:00гө чейин иштейт.
Облустардагы бардык Кан борборлору да ушул эле тартипте иштейт.
Талас облустук кан борбору — Чыңгыз Айтматов көчөсү, 259. Тел.: 03422 60679, 03422 52435
Жалал-Абад облустук кан борбору — Глинка көчөсү, 22. Тел.: 0372225431, 03722 2 54 59
Ош облустук кан борбору  — Ош шаары, Жогорку Увам көчөсү, 12. Тел.: 0552 60 61 26
Баткен облустук кан борбору — Баткен шаары, Төрөкул Айтматов көчөсү. 0772 69 52 26, 0555 69 52 26.
Бишкекте кишилер Баткенде жабыркагандарга кан тапшырууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Бишкекте жүздөгөн киши Баткенде жабыркагандарга кан тапшырууда. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0