Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Марат Иманкулов: кыргыз-тажик чек арасы тынчыганы менен абал кыйын эле

© Sputnik / Эмиль СадыровЧек ара заставасындагы Кыргызстандын желеги. Архив
Чек ара заставасындагы Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2022
Жазылуу
Тажик тараптан кол салуу 14-сентябрь күнү башталган.
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Учурда кыргыз-тажик чек арасы тынчыганы менен абал кыл учунда. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, 17-сентябрда гана күчтөрдү чыгарып кетүү жана ок атууну токтотуу макулдашылган.
"Чек арада абал кыл учунда. Кырдаал чыңалган бойдон турат, эвакуация болгон адамдар дагы эле убактылуу пунктуларда баш пааналап турат. Аларды бардык нерсе менен камсыздап жатабыз, бул боюнча маселе жок", — деген Иманкулов.

Тажикстандын Кыргызстанга баскынчылыгы

Тажик тараптын кол салуусунан 59 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 169 киши ар кандай жаракат алган, оор абалдагылар Ош жана Бишкектеги ооруканаларга жеткирилип жатат.
14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон болчу. Бирок 16-сентябрдын таңында Баткен облусунун бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Кагылышууга тажик аскерлери эле эмес, жалданма топтор дагы аралашкан.
Кыргызстандын Чек ара кызматы күч түзүмдөрү тажик тарап КР аймагын басып алуу максатында оор техникаларды, авиация, "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлады.
Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов атышууну токтотууга макулдашышкан. Бирок ага карабай тажик тарап кайра ок чыгарган. Миномёттун снаряддары Баткен шаарынын чок ортосуна дагы түшүп жатты.
17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштады.
Тажикстандын аскерлери, жөнөкөй жарандары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы ондогон үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен.
18-сентябрда атышуу токтоду, бирок абал чыңалган бойдон турат.
Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады.
КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын маалыматы боюнча, Тажикстан Куралдуу күчтөрүнөн 200дөн ашуун киши көз жумуп, 400дөй адам жарадар болгон.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Иманкулов: кол салуу болорун билгенбиз, бирок мындай масштабды күткөн эмеспиз
Жаңылыктар түрмөгү
0