Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчөт. Тизме

© AFP / MARTIN BERNETTIСтаканга суу алып жаткан адам. Архив
Стаканга суу алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2022
Жазылуу
Мэрия шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекеме-уюмдар жана калктан таза сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. 20-сентябрда борбор калаанын айрым райондоруна суу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
"Бишкек суу канал" башкармалыгынын маалыматы боюнча, ичүүчү суу 9:00дөн 20:00гө чейин токтотулат. Бул убакыт аралыгында Ахунбаев, Айни, Жунусалиев көчөлөрү жана Чыңгыз Айтматов проспектинин кээ бир жерлеринде суу жок болот.
Суу өчүрүлө турчу мекеме-уюмдар:
Целинная көчөсү, 16 дарегиндеги №47 орто мектеп;
Шота Руставели көчөсү, 95 дарегиндеги №2 үй-бүлөлүк медициналык борбор;
Ахунбаев көчөсү, 187 дарегиндеги "Демир Банк" ЖАКы;
Ахунбаев көчөсү, 187 дарегиндеги "Экспресс плюс" лабораториясы;
Ахунбаев көчөсү,187 дарегиндеги Aqua Lab лабораториясы;
Ахунбаев көчөсү, 182 дарегиндеги "Плаза клиникасы" медициналык борбору;
Ахунбаев көчөсү, 187 дарегиндеги "Монро" сулуулук салону;
Ахунбаев көчөсү, 189 дарегиндеги "Эрке айым" сулуулук салону;
Шота Руставели көчөсү,101 дарегиндеги "Гемотест" лабораториясы;
Шота Руставели көчөсү, №101 дарегиндеги "Сапат лаб" лабораториясы;
Шота Руставели көчөсү, 101А дарегиндеги Viva сулуулук салону;
Ахунбаев көчөсү, 48/1 дарегиндеги "Чан Ан" микрофинансылык компаниясы;
Чыңгыз Айтматов проспекти, 49 дарегиндеги "Магнат" лабораториясы;
Чыңгыз Айтматов проспекти, 47А дарегиндеги "Манас" кинотеатры;
Чыңгыз Айтматов проспекти, 43 дарегиндеги "Эрма Дент" стоматологиясы;
Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы;
Целинная көчөсү, 19 дарегиндеги Тез жардам кызматы;
Чыңгыз Айтматов проспекти, 41 дарегиндеги "Триовитал" стоматологиясы;
Чыңгыз Айтматов проспекти, 41 дарегиндеги "Инвитро" лабораториясы.
Мэрия шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекеме-уюмдар жана калктан таза сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.
Отун. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Шаардыктар "Бишкек жашыл чарбадан" отун сатып алса болот. Баасы
Жаңылыктар түрмөгү
0