Мирзиёев: ШКУнун турукташтыруучу ролу жогорулап жатат

© Фото / POOL / Сергей Бобылев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев
 Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Жазылуу
Мирзиёев ШКУга мүчө-мамлекеттердин экономикасы уюм түзүлгөндөн тартып ондогон эсеге өскөнүн белгиледи.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Глобалдык өнүгүү борборлору алдыга жылууда. Мындай пикирин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ШКУ саммитинде билдирди.
Анын айтымында, аталган саммитке биргелешкен эмгектин натыйжасында макулдашуу жана чечимдердин кырктан ашык долбоору даярдалган. Өзбекстан лидери бул өндүрүштүк кооперация, жашыл экономика, санариптештирүү жана соода тармактарында ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөө концепциясы жана программасы экенин белгиледи.
"ШКУ деген чоң үй-бүлөгө жаңы мүчөлөр, байкоочулар, өнөктөштөр кошулууда. Мындан биз Евразия аймагында көп тармактуу кызматташууну кардиналдуу кеңейтүүгө стратегиялык мүмкүнчүлүктөрдү көрөбүз", — деди Мирзиёев чакан форматтагы жыйында.
Ошондой эле ал ШКУнун маанилүүлүгүнө токтолду.
"Аз убакыт аралыгында биздин уюм аймактык жана глобалдык процесстердин таасирдүү катышуучусу болуп калды. Ал аз убакытта алдыга озуп чыкты. Бул аралыкта дүйнө жүзү боюнча маанилүү тенденцияга айланган аймактык кызматташтыкты бекемдедик. Коопсуздуктун жана экономикалык өнүгүүнүн маанилүү фактору катары уюмдун турукташтыруучу ролу да жогорулап жатат. ШКУга мүчө-мамлекеттердин экономикасы уюм түзүлгөндөн тартып ондогон эсеге өстү жана туруктуу өсүүнү улантууда. Бул процесс глобалдык өнүгүү борборлорунун алдыга жылгандыгынан улам болуп жатат", — деди Мирзиёев.
Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери менен  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Кечки Самаркандда сейилдеген президенттер. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0