Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мусабаев: айланма жолго сынамык иретинде акы төлөтүү планы бар

© Sputnik / Табылды КадырбековТранспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директорунун орун басары Акылбек Мусабаев. Архив
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директорунун орун басары Акылбек Мусабаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Жазылуу
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директорунун орун басары Акылбек Мусабаев кандай жолдорго акы төлөнүшү керектигин түшүндүрүп берди.
Бишкектеги айланма жолго акы төлөөнү сынамык иретинде киргизүү максатталууда. Бул тууралуу Акылбек Мусабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мусабаев: айланма жолго сынамык иретинде акы төлөтүү планы бар
Анын айтымында, акы төлөнүүчү жолдор Жол фондунун каражат булагынын бири болуп саналат.
"Бишкектеги айланма жолдун МАИ постунан Кеминге чейинки бөлүгүнө акы төлөөнү пилоттук негизде киргизүү боюнча техникалык-экономикалык негиздеме даярдалууда. Акы төлөнө турган жол болгондон кийин акысыз жүрө турган альтернативдүү жол болушу керек. Ага жакын айылдардагы жашоочуларга ошол жолду тоскоолдуксуз кесип өтө тургандай мүмкүндүк түзүлүшү шарт. Мына ушунун баары жасалгандан кийин айланма жолго акы алуу сынамык иретинде кирет. Андан түшкөн каражат аталган жолду тейлөөгө жумашалат. Акы төлөнө турган жолдон айдоочулар өтө албайт. Трассаны кесип өткөн жолдор болбойт, жогорураак ылдамдык уруксат берилиши ыктымал. Ошондуктан ким ыңгайлуу, ылдамыраак жүргүсү келсе акча төлөп коюп, ошол жол аркылуу жүрө алат. Каражат төлөөнү каалабагандар альтернативдүү жол аркылуу кете берет. Мисалы, ошол эле айланма жолго альтернатива катары Бишкек — Кант — Токмок жолун санасак болот. Демек, кайсы бир жолду жаап, мындан ары акы төлөнөт деп эч ким мажбурланбайт. Мисалы, Бишкек — Торугарт жолунда Кубакы аркылуу кеткен жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалса каалагандар акы төлөп, ошол жак менен кетет. Акча төлөөнү каалабагандар Балыкчы аркылуу өтө алат", — деди Мусабаев.
Ошондой эле жолго акы төлөө салык сыяктуу милдеттүү болуп саналбашы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0