14-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүБулут каптаган асман. Архив
Булут каптаган асман. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2022
Жазылуу
14-сентябрга караган түнү республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Шаршембиде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Талас аймагында +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл чөлкөмүндө +22...+27 жана Нарын жергесинде +23...+28 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +24...+26, Ошто +31...+33 градуска жетет.
Өрттөнүп жаткан кургак чөп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2022
Бишкекте жалбырак, чөп өрттөгөндөргө 23 миң сомго чейин айып салына баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0