Чолпон-Ата: КМШдагы ИИМ жетекчилери кирген кеңештин отуруму аяктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИчки иштер министри Улан Ниязбеков КМШ
Ички иштер министри Улан Ниязбеков КМШ  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2022
Жазылуу
Кезектеги отурум 2023-жылы Казакстанда өтмөй болду.
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбеков КМШ мамлекеттеринин ИИМ башчыларынын кеӊеши чогулган отурумдун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү.
Иш-чара Чолпон-Ата шаарында өткөн.
Министр кеңештин отурумунда актуалдуу маселелер каралганын белгилеген.
"КМШнын тармактык өз ара иштешүү органдарынын бири болгон ИИМ жетекчилер кеңеши - жогорку ишкердик абройго ээ болгонун канааттануу менен белгилегим келет. Натыйжалуу ишмердүүлүктүн аркасы менен КМШнын укук коргоо органдарынын өз ара кызматташуусу эң жемиштүү байланыштарынын бири болуп калды", — деген ал.
Жыйындын ишине КМШнын ички иштер министрликтеринин жетекчилери, аталган аймакта уюшкан кылмыштуулукка, кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча бюронун, КМШ өлкөлөрүнүн Аткаруу комитетинин жана Антитеррордук борборунун жетекчи курамы катышкан.
"Программалардын алкагында биргелешкен масштабдуу ыкчам-алдын алуу иш-чараларды жана атайын операцияларды жүргүзөбүз. Конкреттүү кылмыштар боюнча өз ара тапшырмаларды аткарабыз, тажрыйба алмашабыз жана кызматкерлерибиздин квалификациясын жогорулатабыз. Биздин биргелешкен аракеттерибиздин аркасында ондогон оор жана өзгөчө оор кылмыштар ачылып, жүздөгөн кылмышкерлер изделүүдө", — деген министр.
Министр кеңештин отурумунда кабыл алынган чечимдер, КМШнын жана алардын элдеринин жыргалчылыгы үчүн кызматташууга жаңы дем берерин айткан.
Кезектеги отурум 2023-жылы Казакстанда өтө турган болду.
Президент Садыр Жапаров КМШ мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлери менен жолугушууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2022
Жапаров Чолпон-Атага келген КМШнын ИИМ жетекчилери менен жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0