Бишкектеги батирлердин баасы. Инфографика

Жазылуу
Августтун башында Бишкектеги кыймылсыз мүлк рыногунда кырдаал кандай өзгөргөнүн билип алыңыздар.
Sputnik Кыргызстан ачык булактардагы маалыматтарды талдап, борбор калаадагы батирлердин баасына баам салып турат. Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип жана мейманкана тибиндеги) орточо наркын көрсөтүп беребиз. Ошондой эле ичин өзү оңдоп ала турган элиталык батирлердин баасы тууралуу статистиканы чогултабыз.
Бул ирет август айынын башынан аягына чейин баалар кандай өзгөргөнүн салыштырдык. Материалды даярдоо учурунда 1 300 жарнамага анализ жасалды.
Кыймылсыз мүлктүн бардык түрлөрү кымбаттаган. Маселен, бир бөлмөлүү батирлердин баасы 1 000 долларга жогоруласа, эки жана үч бөлмөлүүлөр анча кымбаттаган эмес. Айрым батирлер 300-500 долларга чейин арзандаган.
Ачык маалымат булактарына таянсак, августтун соңунда Бишкекте бир бөлмөлүү батирлердин баасы төмөнкүдөй болду:
104-серия — 35 400 доллар (27 000ден 41 000ге чейин);
105-серия — 34 100 (2 500дөн 44 000ге чейин);
106-серия — 35 800 (27 700дөн 45 800гө чейин);
"хрущевка" — 29 800 (24 000ден 36 000ге чейин).
Бир бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:
жеке типтегилери (18ден 52 чарчы метрге чейин) — 34 100 доллар (20 800дөн 54 500гө чейин);
өзү жасап ала тургандары (32ден 65 чарчы метрге чейин) — 32 800 (20 900дөн 48 500гө чейин).
Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 42 600 доллар (35 000ден 55 500гө чейин);
105-серия — 45 300 (32 500дөн 63 200гө чейин);
106-серия — 52 100 (39 500дөн 61 500гө чейин);
"хрущевка" — 38 200 (29 000ден 48 500гө чейин).
Эки бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:
жеке типтегилери (41ден 99 чарчы метрге чейин) — 48 200 доллар (21 500дөн 69 000ге чейин);
өзү жасап ала тургандары (49дан 94 чарчы метрге чейин) — 50 500 (31 000ден 81 000ге чейин).
Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 52 300 доллар (43 000ден 67 000ге чейин);
105-серия — 58 400 (34 000ден 80 000ге чейин);
106-серия — 66 800 (37 500дөн 86 500гө чейин);
"хрущевка" — 47 600 (36 500дөн 56 000ге чейин).
Үч бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:
жеке типтегилери (46дан 160 чарчы метрге чейин) — 61 000 доллар (30 100дөн 225 000ге чейин);
өзү жасап ала тургандары (75тен 125 чарчы метрге чейин) — 69 400 (30 000ден 105 000ге чейин).
Жаңылыктар түрмөгү
0