Ош облусунда күндүн табы качан кайтат? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Жазылуу
Жуманын башында абанын температурасы 37 градуска чейин көтөрүлөт.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Ош шаарында күндүн аптаптуу ысыгы алдыдагы жуманын соңунда кайтат. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
4-сентябрда күн ачык болот, ал эми 5-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.
6-7-сентябрда асман ачык болот, 8-сентябрда күндүн көзү бузулуп, 10-сентябрга чейин тоолуу райондордо өткүн өтөт. Ошол эле учурда дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Ал эми Ош шаарынын өзүндө апта бою күн чайыттай ачык болуп турат.
Жол жээгиндеги аялдама. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Ысык-Көлдө күн салкындайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0