Өлкөдө суу май менен кумшекер салыштырмалуу арзандады

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСупермакетте тизилген кумшекер жана суу майлар. Архив
Супермакетте тизилген кумшекер жана суу майлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Жазылуу
Мекеме ушул жылдын июль айына салыштырмалуу кумшекердин баасы 3,6 сомго арзандаганын белгиледи.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстанда кумшекер менен өсүмдүк майынын баасы өткөн айларга салыштырмалуу арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кабарлады.
Мекеме аталган азыктардын өлкөдөгү наркын ЕАЭБ өлкөлөрү жана коңшу мамлекеттердеги баа менен салыштырган.
"Баанын түшүшүнө кошумча нарк салыгын жокко чыгаруу, сыртка ташууга тыюу салуу өңдүү кабыл алынган айрым чаралар таасир берди. Мындан тышкары, өндүрүшчү, импортёр, кумшекер саткан соода түйүндөрүнүн ээлери, ун саткандар ассоциациясы менен тиешелүү келишимдер түзүлгөн", — деди кызматтан.
Кумшекердин базар баасы, сом менен (Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2-сентябрга карата берген маалыматы боюнча);
Кыргызстан — 89,4;
Беларусь — 92,2;
Өзбекстан — 96;
Россия — 102,4;
Тажикстан — 102,7;
Казакстан — 130,3;
Армения — 134,9.
Мекеме ушул жылдын июль айы менен салыштырып, күздүн башында кумшекердин баасы 3,6 сомго арзандаганын белгиледи.
"Азыркы учурда Кыргызстанда "Кайыңды Кант" ААК жана "Кошой" ААК өндүргөн камыш канты сатылууда. Ага сырьё ЕАЭБ квотасынын алкагында Бразилиядан алып келинет. Мындан тышкары, Индиянын кумшекери да сатылууда. Камыштан кант өндүрүү кызылчадан өндүрүүгө караганда чыгымы көп. Мындан улам үстүбүздөгү жылдын май айында кумшекердин кымбатташы негиздүү болгон", — деп айтылат маалыматта.
Күн карама майынын базар баасы, сом менен (Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2-сентябрга берген маалыматы боюнча):
Россия — 153,6;
Кыргызстан — 159,1;
Беларусь — 168,9;
Өзбекстан — 199,7;
Казакстан — 208,4;
Тажикстан — 234,1;
Армения — 248,5.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өсүмдүк майына болгон баа төмөндөп жатканын белгилейт. Июль айында майдын бир литри орто эсепте 162 сомдон сатылган болсо, августта 160,5 сом, күздүн башталышында наркы 159 сомду түзгөн.
"Өсүмдүк майы доллар 105 сомго жеткен март айында аябай кымбаттады. Андан кийин анын чекене сатуудагы орточо баасы республика боюнча литрине 160 сомдон ашкан жок. Социалдык мааниге ээ товарлардын баасына карата мониторинг туруктуу жүргүзүлүп турат", — деди мекемеден.
Эт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Антимонополия кызматы өлкөдө эттин баасы өзгөрүп жаткан себебин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0