Жалал-Абадда аба ырайы кандай болот? Бир жуманын божомолу

© Sputnik / Михаил ДудинЖалал-Абад шаары. Архив
Жалал-Абад шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2022
Жазылуу
Жума ичинде шаарда жана дыйканчылык аймактарда күндүн табы 35 градуска чейин көтөрүлөт.
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада күтүлгөн Жалал-Абад облусундагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, жума ичинде облустун башкы шаарларында жана дыйканчылык аймактарында күндүн табы 34-35 градустун чегинде болот.
29-31-август күндөрү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөт, бирок өрөөндөрдө жамгыр жаабайт.
Ал эми 1-сентябрда күн толугу менен ачылып, 4-сентябрга чейин жаан-чачын болбой турганы айтылды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-августта күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ысык-Көл. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Келерки аптада Ысык-Көлдө аба ырайы кандай болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0