Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Карабаева: эми педофилдер өмүр бою эркинен ажыратылат

© Sputnik / Асель СыдыковаЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана гендердик саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бермет Карабаева
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана гендердик саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бермет Карабаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2022
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана гендердик саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бермет Карабаева балдарга карата зомбулук кылгандарга жаза катаалдашканын айтты.
Президент Садыр Жапаров "КРдин айрым мыйзам актыларына, Кылмыш-жаза кодексине, мунапыс берүү негиздери жана анык колдонуу тартиби жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Өспүрүмдөрдүн өмүрүнө, ден соолугуна доо кетиргендер эң аз 25 жылга эркинен ажыратылат же өмүр бою кесилет. Ошондой эле аларга мунапыс, мөөнөтүнөн мурда бошотуу сындуу ырайым чаралары колдонулбайт. Бул тууралуу Бермет Карабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Карабаева: эми педофилдер өмүр бою эркинен ажыратылат
Анын айтымында, бул өзгөртүүлөр 14 жаштан 18 жашка чейинки балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо, адепсиз жоруктар, ошондой эле жашы жете элек баланы сойкулукка тартуу боюнча иштердин эскирүү мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуудан бошотуу жокко чыгарылат.
"Акыркы убакта балдарга карата зордук-зомбулук көбөйдү, ошондуктан жазалоонун нормаларын өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкты. 2021-жылдагы статистикалык маалыматты карай турган болсок, сексуалдык зомбулукка 118 бала, ур-токмокко 222 бала алынган, психологиялык зомбулукка 77 бала кабылып отурат. Кылмыш-жаза мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен соттор балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгара алышат. Буга чейин мындай кылмыш үчүн 15 жылга чейин гана жаза каралган. Бул — бизге кылмыш жоопкерчилигинин нормасын катаалдаштырууга мүмкүнчүлүк берген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун негизги пунктулары. Кылмыш-жаза кодексине киргизилген кошумча өзгөртүүлөргө ылайык, мындан ары баланын руханий жана адеп-ахлактык ден соолугуна каршы кылмыш үчүн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулбайт", — деди Карабаева.
Ал мигранттардын балдары зордук-зомбулукка көбүрөөк туш болуп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0