Москвада "смотрящий" атка конгон кыргызстандык кармалды

© Sputnik / Дмитрий МакеевКишенделген жаран. Архив
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Жазылуу
Буга чейин мекендештерин тоноп жүргөн кылмыштуу топтун дагы жети мүчөсү кармалган.
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Москва шаарында мекендештерин коркутуп, алардан акча талап кылып жүргөн кыргызстандыктардан турган кылмыштуу топтун дагы эки мүчөсү кармалды.
ИИМдин жана анын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен кылмышка шектүүлөр 23-августта колго түшүрүлгөнүн мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Уюшкан кылмыштуу топ Москвада ишкерлик кылган өз мекендештеринен опузалап акча талап кылып, тоноп келишкен. Ушул жылдын май айында алар Кыргызстандын жаранына күч колдонуп, бычак менен коркутуп, автоунаага салып белгисиз тарапка алып кеткен. Андан соң жабырлануучу жаранды батирде кармап, 1 миллион рубль талап кылып сабап, 78 миң рублин алып коюшкан. Эртеси бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү жабырлануучунун 65 миң рублдик мүлкүн тартып алышкан", — деп жазылат ИИМдин маалыматында.

Анда белгиленгендей, жогорудагы факт боюнча Россиянын Тергөө комитети тарабынан Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 126,163-беренелери ("Адамды уурдоо, опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон.
"Кармалган жарандардын бири — Талас облусунун тургуну, 29 жаштагы М.Э. болгон. Ал "Савелов" базарындагы кыргыздар үчүн "смотрящий" криминалдык атка конгон. Экинчи шектүү — Жалал-Абад облусунун тургуну, 22 жаштагы Ж.у.Н. Шектүүлөр мурда кармалган кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү", – дешти маалымат кызматынан.
Белгилүү болгондой, ушул жылдын июнь айында Москвада кримтөбөлдүн тапшырмасы менен иштеп жаткан уюшкан кылмыштуу топ кармалган.
"Кылмыштуу топту кыргызстандык 34 жаштагы А.А. башкарып келген. Ал мурда бир нече оор кылмыш үчүн соттолгон жана Карагер каймана аты менен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Жогорудагы кылмыштуу топтун жети мүчөсүн кармоо ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн", – деп айтылган маалыматта.
Банктын кызматкери акчаны салып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Москвада мекендешин коркутуп 1 млн. рубль талап кылган кыргызстандыктар кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0