00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:00
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:58
1 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Загар и рак кожи — дерматолог о рисках, SPF и о том почему безопасного загара не существует
14:08
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин үрөндөрдүн бирдиктүү рыногу: Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр ачылат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Что скрывается за витринами музея археологии
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Канттуу суусундуктар – жай аракеттенген коркунуч: бала кездеги адаттар кан басымына кандай таасир этет?
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как учеба помогает заключённым женщинам в Кыргызстане ресоциализироваться
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Туяк
Сахнанын залкар инсаны — Сейитказы Андабеков
19:09
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Конкуренция или монополия - что получит Кыргызстан от национального агрегатора такси
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин үрөндөрдүн бирдиктүү рыногу: Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр ачылат?
21:12
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Касымалиева: туура эмес сайылган филлер ткандардын некрозуна алып келет

© Фото / Айгерим БайбековаКосметолог, дерматолог Динара Касымалиева
Косметолог, дерматолог Динара Касымалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Жазылуу
Косметолог, дерматолог Динара Касымалиева контурдук пластиканы 25 жаштан өйдө курактагылар жасатса болорун айтты.
Контурдук пластика бул гиалурон кычкылынан даярдалган атайын препараттарды териге же беттин бырыштарынын астына ийне аркылуу киргизүүчү косметикалык процедура болуп саналат. Анын жардамы менен теридеги бырыштар жазылат, түздөлөт жана кошумча көлөм берилет. Бул тууралуу Динара Касымалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Касымалиева: туура эмес сайылган филлер ткандардын некрозуна алып келет
Анын айтымында, филлерди (толтургуч) кош бойлуу аялдарга, ийне жасалган жеринде шишиги бар адамдарга, онкологиялык оорулууларга, герпес оорусу күчөгөндөргө, коллаген синтезинин бузулушуна байланыштуу ооруга чалдыккан бейтаптарга колдонуу сунушталбайт.
"Филлер адатта биологиялык бузулуучу (алар гиалурон кислотасынын негизинде, кальций гидроксиапатитинин негизинде жана коллаген камтылган) жана туруктуу (синтетикалык полимерлердин негизинде) болуп эки категорияга бөлүнөт. Алар суюк жана коюу болгондуктан ооз, бетти жана мурундун контурун чыгарууга колдонулат. Гиалурон толтургучтары эң популярдуу, анткени алар биздин организмге жат эмес, спецификалык иммундук реакцияны жаратпайт. Ал ийне аркылуу териге киргизилгенден кийин үч айдан бир жылга чейин кармалышы мүмкүн. Сапаттуу филлер өзүнөн-өзү организмден эрип чыгып кетет. Эң коркунучтуусу — филлер адамдын жүзүнүн мимикалык активдүүлүгүнүн бузулушуна, ошондой эле ткандардын фиброзуна алып келиши мүмкүн. Кан тамырлар дененин бардык жеринде кездешет. Организмге киргизилген бөтөн зат кан жүгүргөн түтүкчөлөрдү кысып, жадагалса гель кан тамырдын ичине кирип кетиши мүмкүн. Бул кан айланууга бөгөт коюп, ткандардын некрозуна алып келет. Туура эмес тандалган препарат, туура эмес тыгыздык жана процедура жасоодогу ырааттуулуктун бузулушу күтүлгөндөн таптакыр башка натыйжага алып келиши мүмкүн", — деди Касымалиева.
Ал мындай процедураларды бардык документтери жана сертификаттары бар пластикалык хирург же косметолог жасашы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0