Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Букалаев: кирди-чыктысы жок эле каттоону жылдап узартууга болот

© Sputnik / Асель СыдыковаЗаместитель начальника консульской службы МИД Алмаз Букалаев
Заместитель начальника консульской службы МИД Алмаз Букалаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Жазылуу
Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Букалаев Россиядагы эмгек мигранттары учурда деле юридикалык дарекке каттоого тура аларын айтты.
Биз бир нерсени так түшүнүп алышыбыз керек. Россия Федерациясы эмгек мигранттарына карата мыйзамдарын катаалдаштырып же өзгөрткөн жок. Болгону пандемия учурунда берилген айрым жеңилдиктер алып салынып, тиешелүү мыйзамдар мурдагыдай тартипте иштээри айтылып жатат. Бул тууралуу Алмаз Букалаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Букалаев: кирди-чыктысы жок эле каттоону жылдап узартууга болот
Анын айтымында, жарандар мурдагыдай эле юридикалык жактарга да каттоого тура алат. Бирок мыйзамда ошол иштеген жеринде уктап, эс алууга шарт түзүлүшү керектиги жазылган.
"Мурда эмгек мигранттары жашаган жерине эле эмес, иштеген мекемесине да каттоого тура беришчү. 2018-жылдан тарта Россия Федерациясы иштеген жерге каттоого турууда ал мекеме жумушчунун уктап, эс алуусуна, санитардык нормаларды сакташына шарт түзүп берген учурда гана каттоого коюу талабын киргизген. Ал эми пандемия мезгилинде авиакаттамдар токтоп, бир топ чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу эмгек мигранттары мыйзам талаасынан чыгып калбасын деген таризде жеңилдиктер берилген. Азыр болгону берилген жеңилдиктер токтотулуп жатат жана биздин жарандарга 90 күн убакыт берилүүдө. Эмгек мигранттары 90 күндүн ичинде каттоосун мыйзамдаштырып алышы керек. Тагыраак айтканда, мөөнөтү бүтүп калган болсо жана эч жерде расмий иштебесе, анда кирди-чыкты кылып, жашаган жерине бир жылга каттоого турушу зарыл. Эгер расмий ишке кирсе, ошол эмгек келишиминин негизинде эле кирди-чыкты кылбай жыл сайын бир жылга узартып алса болот. Бир жылы бүткөн соң кайра эле узартып жүрө берет. Тагыраак айтканда, эмгек келишими бүткөнчө кирди-чыкты кылбай эле узартып алып жүрө бергенге мыйзам жол берет. Мейли 10 же 15 жыл болсун, анын чек арадан чыгып-кирүүсүн эч ким талап кылбайт. Бирок бул мыйзамдуу эмгек келишимин түзгөн жарандарга гана тиешелүү. Андыктан биздикилер эмгек келишимин талап кылып, ошонун негизинде гана жумушка орношууга далалаттанышса жакшы болмок",— деди Букалаев.
Ал каттоосунун мөөнөтү бүткөн же башка мыйзам бузууларга туш болгон эмгек мигранттарына берилген 90 күндүк нөөмөттү биздин жарандар каттоо 90 күнгө гана берилет деп туура эмес түшүнүп алып жатышканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0