ЕАЭБде кайсы тармактар көбүрөөк каржыланары айтылды

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүТемир иштетүүчү заводу. Архив
Темир иштетүүчү заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Жазылуу
Азыркы өндүрүш базасы экономиканын 5,5 пайыздан ашык өсүшүнө мүмкүндүк бербейт.
ЧОЛПОН-АТА, 26-авг. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикте биринчи кезекте электрондук, өндүрүш жана фармацевтика тармактарын каржылоо пландалып жатат. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдирди.
Ал Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышкан.
"Өнөр жай кооперациясын алсак, кеп товар өндүрүү жана кызмат көрсөтүү жөнүндө гана болбош керек. Комиссия жана бардык премьер-министрлер азыркы өндүрүштүк базасы менен жылына 5,5 пайыздан ашык экономикалык өсүштү камсыз кылуу реалдуу эмес экенин айтышты. Жаңы инструменттер керек. ЕАЭБдин экономикасы тез темпте өсүшү зарыл", — деди Мясникович.
Анын айтымында, экономикалык өсүштү камсыз кылуу максатында стратегиялык документтерде 5,5 деген пайыздык чен белгиленген. Ушундай өсүш болгон күндө биримдик дүйнөгө салыштырмалуу алдыда болуп эсептелет.
"Кечээ тар чөйрөдө өнүктүрүү институттарынын ишин жакшыртуу зарылдыгы жана инвестициялык активдүүлүктү колдоо чараларын каржылоо булактары боюнча ачык талкуу болду", — деди ЕЭК башчысы.
Ал комиссияда артыкчылык берилчү тармактардын тизмеси бар экенин, бирок алар азырынча макулдашыла электигин баса белгиледи.
Тизме:
электрондук өнөр жай;
фармацевтикалык жана биологиялык өнөр жай;
кайра иштетүү өнөр жайы.
Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде кол коюлган документтер
Жаңылыктар түрмөгү
0