Чолпон-Атага чогулган ЕАЭБдин өкмөт башчылары. Отурумдан сүрөт түрмөк
Чолпон-Атага чогулган ЕАЭБдин өкмөт башчылары. Отурумдан сүрөт түрмөк
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Ага ЕАЭБдин мүчөлөрү Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россиянын... 26.08.2022, Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Ага ЕАЭБдин мүчөлөрү Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россиянын премьер-министрлери катышты. Ал эми Азербайжан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары байкоочу болду.
Отурум Чолпон-Ата шаарындагы резиденцияда 25-26-август күндөрү тар жана кеңири форматта өттү. Ага Кыргызстан төрагалык кылды.
ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович ЕАЭБде биринчи кезекте электрондук, өндүрүш жана фармацевтика тармактарын каржылоо пландалып жатканын билдирди
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров товар ташуудагы барьерлерди жоюу маселесин кайрадан көтөрдү. Аны менен катар мигранттардын шартын жеңилдетүү жолдорун сунуштады.
Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин ЕАЭБ Азия-Тынч океан аймагы, Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасы, Африка-Кытай, Египет, Индия, Иран мамлекеттери жана ШКУ, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты кеңейтиши керек деп эсептейт
Евразия экономикалык биримдиги жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрү дүйнөнүн азыркы ыргагында уникалдуу позициясын көрсөтө алганы белгиленди