Бишкек — Балыкчы темир жол каттамы 1-сентябрда токтойт

© Фото / пресс-служба "Кыргыз темир жолу"Бишкек темир жол вокзалындагы поезд. Архив
Бишкек темир жол вокзалындагы поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Жазылуу
Жүргүнчүлөр Ысык-Көлгө поезд менен кайрадан 2023-жылдын жай мезгилинен тарта бара алышат.
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поездинин каттамы 1-сентябрда токтоорун "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.

"Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди жыл сайын жайкы туристтик мезгилде жүрөт, тагыраагы, каттам июнь айынан 31-августка чейин иштейт", — деп айтылган маалыматта.

Компаниядан жүргүнчүлөр Ысык-Көлгө поезд менен кайрадан 2023-жылдын жай мезгилинен тарта бара алышарын билдирди.
Бишкек — Балыкчы модернизацияланган вагону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2022
Жаңы жасалган вагон менен Балыкчыга каттаган жүргүнчүлөр. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0