Ошто уурулукка айыпталган 33 жаштагы киши тергөө абагында көз жумду

© AFP / MOHAMMED ABEDАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Жазылуу
Айыпкер убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына 22-августта которулган. Ошол учурда ал жүрөгү ооруп жатканын айткан.
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы тергөө абагында уурулукка айыпталып отурган 33 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди.
Көз жумган адам убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына 22-августта которулган. Ошол учурда ал жүрөгү ооруп жатканын айткан. ЖАМК билдиргендей, анын буттарында көгала тактар болгон.
"Ал тергөө абагынын медициналык бөлүмүнө жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн. Бирок 24-августта саат 16:30дар чамасында эс-учун жоготкондуктан жанындагылар дарыгер чакыртышкан. Тез жардам кызматы келип анын каза болгонун аныктаган. Маркумдун сөөгү экспертизадан өткөрүлүп, туугандарына берилди", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факт боюнча иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Чүйдөгү абакта жаза өтөгөндөр түшүм жыйнады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2022
4 тонна түшүм жыйналды. Чүйдөгү абакта жаза өтөгөндөр иштеп жаткан видео
Жаңылыктар түрмөгү
0