Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эшимов: РФтеги мигранттар үч айга жасалган каттоосун бир жылга узарта алышат

© Sputnik / Эркин Садыков"Замандаш" ассоциациясынын өкүлү Руслан Эшимов. Архив
Замандаш ассоциациясынын өкүлү Руслан Эшимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
Жазылуу
"Замандаш" ассоциациясынын өкүлү Руслан Эшимов Россиядагы турак жайы бар кыргызстандыктарды коркпой эле мекендештерди каттоого ала берсе болорун, буга мыйзам жол берерин айтты.
Үч айга жасалган кирди-чыкты каттоосу ишке кирген соң бир жылга узартылат. Андыктан жумушка расмий орношууга аракет кылуу зарыл. Бул тууралуу Руслан Эшимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эшимов: РФтеги мигранттар үч айга жасалган каттоосун бир жылга узарта алышат
Анын айтымында, эл арасында каттоону үч ай сайын жаңыртып туруу керек деген чындыкка дал келбеген маалымат мурда ушул документ иштерин жасап жүргөн ортомчу компанияларга көзөмөлдүн катуулаганынан улам келип чыгууда.
"Кирди-чыкты каттоосу үч айга жасалганы менен жаран жумушка киргенде аны бир жылга узартып алса болот. Болгону ишке расмий орношуу зарыл. Азыр эмгек мигранттарынын арасында эми Россияда иштеш үчүн үч ай сайын каттоону жаңыртып туруу керек деген туура эмес маалыматтар тарап жатат. Мурда биздин мекендештер ортомчу фирмалар аркылуу дароо бир жылга каттоого турушчу. Ал ортомчуларга азыр көзөмөл күчөп, ар бир жаран өзү түздөн-түз катталышы зарыл болуп калды. Ошондон улам мурда эмгек мигранттарынын каттоосун тиешелүү органдардын айрым кызматкерлери менен бирдикте жасап жүргөн фирма ээлери ушундай сөздөрдү чыгарып жатышат. Ал фирмалар иш жүзүндө жок, болгону кагаз бетинде гана түзүлүп, 5-10 күндөн кийин кайра жабылып кала берген туруксуз ишканалар эле. Россия тарап мына ушуларга гана көзөмөлдү күчөтүүдө. Ал эми жалпы эмгек мигранттарына тиешелүү эч нерсе деле өзгөргөн жок. Болгону пандемиядан кийинки жеңилдиктер алып салынууда. Ошондой эле үй-жайы бар мекендеш да каттоого бир жылга койгондон чочулап, үч айга гана макул болууда. Мен аларга кайрылып кетер элем. Коркпой эле турак жайыңызга мыйзам жол бергенчелик сандагы адамды каттата бериңиз. Андан сиз эреже бузган болуп эсептелбейсиз. "Самозанятость" деген бар, ошол мыйзамдын алкагында гана азыраак өлчөмдө салык төлөп каласыз. Ал эми коммуналдык кызматтарга эч кандай тиешеси жок. Аны мурдагыдай эле коротконуңузга жараша төлөй бересиз. Мындан сырткары, азыр эмгек келишимин жасалма түзгөн учурлар да пайда боло баштады. Кыргызстандыктарды булардан да алыс болууга чакырам. Анткени бир жылга эмгек келишимин түзүп, каттоону узартып алган компаниялар 10 күндөн кийин жабылып калууда. Бул учурда кайра эле мигранттар жабыр тартып калат",— деди Эшимов.
Ал эмгек мигранттарын такталбаган маалыматтарга ишенбей жаңылыктар менен расмий булактардан гана кабардар болуп турууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0