Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Рахман: эмгек мигранттарынын балдары үчүн этнолагерлер уюштурулат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңеш катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман
ЖК төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңеш катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2022
Жазылуу
ЖК төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңеш катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман бул иш кышкы каникул учурунда да колго алынмай болгонун айтты.
Ушул жылдын июнь айында Екатеринбург шаарында IX Кыргыз-Россия форуму болуп өткөн. Ага өлкөдөн Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинен тиешелүү өкүлдөр жана коомдук уюмдардан, Россия Федерациясындагы кыргыз диаспораларынан, Кыргызстандагы орус диаспорасынан өкүлдөр катышкан. Бул тууралуу Медер Рахман Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Рахман: эмгек мигранттарынын балдары үчүн этнолагерлер уюштурулат
Анын айтымында, аталган форумда алгач ирет Россияда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын балдарына мекенди тааныштыруу максатында долбоорлорду ишке киргизүү маселеси көтөрүлгөн.
"Жайында Екатеринбург шаарында болуп өткөн кыргыз-орус форумунда ал жактагы кыргыздардын балдарын жайкы каникул учурунда Кыргызстанга алып келип, эс алуу уюштуруп берүү өтүнүчүн Урал федералдык округундагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси билдирген. Бул сунушту депутат Эльвира Сурабалдиева парламентте көтөрүп, төрага тарабынан колдоо таап, кыска убакыттын ичинде иштер уюштурулуп, жыйынтыгында Россиянын аталган аймагынан август айында 100 бала келип эс алып кетти. Эми бул ишти системалуу түрдө жасап туруу үчүн кайрадан тиешелүү органдардын өкүлдөрү Россия Федерациясынан башка чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешме өткөрдүк. Анда түрдүү ойлор айтылып, жыйынтыгында жай мезгилинде эле эмес, кышкы каникул учурунда да бул иш колго алынмай болду. Балдарга улуттук маданиятка сугарылган түрдүү программалар менен кызыктуу 10 күндүк эс алуу эмки жылдан баштап жыл сайын уюштурула турган чечим кабыл алынды. Бизде эмгек миграциясында жүргөн адамдар абдан көп болгондуктан баарынын балдарын алып келип, бул долбоорго катыштырууга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан маданий, спорттук же башка чөйрөдө кандайдыр бир ийгиликтерди багындарган өспүрүмдөрдү катыштыралы деп турабыз. Бул долбоордун өзгөчөлүгү балдардын ата-энелери каражат коротпойт. Мисалы, Уралдан келген балдардын ар бирине 10 күндүк эс алуусуна 8 миң сомдон ашуун акча короптур. Бул абдан жакшы көрүнүш. Бирок каражат маселесин бир эле мамлекетке артып койбой донорлордон, демөөрчүлөрдөн да колдоо болушу шарт", — деди Рахман.
Ал кийинки кеңешмеде министрлер кабинетинин тиешелүү өкүлдөрү менен биргеликте долбоордун механизмдери так иштелип чыгып, сунушталарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0