https://sputnik.kg/20220824/batysh-ukrainany-sogush-poligonuna-ajlantty-1067127628.html
Global Times: Батыш Украинаны согуш полигонуна айлантып, курал-жарагын сыноодо
Global Times: Батыш Украинаны согуш полигонуна айлантып, курал-жарагын сыноодо
Sputnik Кыргызстан
АКШ көздөгөн максатына жетүү үчүн Украинаны жамандыкка каршы көрүшкөн, адилеттүүлүккө умтулган тарап катары көрсөтүүнү каалап жатат. 24.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-24T12:50+0600
2022-08-24T12:50+0600
2022-08-24T12:51+0600
дүйнөдө
россия
акш
украина
саясат
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e6/07/0d/1066026207_0:132:3170:1915_1920x0_80_0_0_85055c02c8084e396fa60c055b0c34b3.jpg
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Украинаны "жакшылыктын жарчысы" катары көрсөткүсү келип, бирок бул аракет майнап бербей жатат. Бул тууралуу кытайлык The Global Times басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.Ошол эле учурда басылма Батыштын Украинаны курал полигонуна айландырып салганын жазды.Басылма чыр-чатактын башталышы, анын узактыгы жана масштабдуу кесепети күтүлүп жаткан нерселерден ашып түшкөнүн жазат. Алты айдын ичинде аскердик жаңжалга энергетика жана каржы маселелери кошул-ташыл болуп калды.Россиянын позициясы2021-жылдын аягында Россия АКШ жана НАТО менен коопсуздук кепилдиги боюнча келишимдин долбоорлорун жарыялаган. Москва батыштык өнөктөштөрүнөн НАТОнун Чыгышты көздөй кеңейүүсүнөн, Украинаны блокко кошуудан, постсоветтик өлкөлөрдө аскерий базаларды орнотуудан баш тартуусун талап кылган болчу. Январдын аягында АКШ менен НАТО Россиянын коопсуздук кепилдиги боюнча сунуштарына кат жүзүндө гана жооп берип койгон.Түндүк атлантикалык альянс тирешүүнү каалап жатканын Россия бир нече жолу белгилеген. Ошол эле маалда президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушун формалдуу кадам деп атап, бирок бул иш жүзүндө кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин айткан.
https://sputnik.kg/20220820/amerikalyk-taryhchy-aksh-ukraina-chynygy-maksat-1066984379.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/0d/1066026207_221:0:2950:2047_1920x0_80_0_0_ae22db183875628c5afd497d02034537.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, украина, саясат
дүйнөдө, россия, акш, украина, саясат
Global Times: Батыш Украинаны согуш полигонуна айлантып, курал-жарагын сыноодо
12:50 24.08.2022 (Жаңыртылды: 12:51 24.08.2022) АКШ көздөгөн максатына жетүү үчүн Украинаны жамандыкка каршы көрүшкөн, адилеттүүлүккө умтулган тарап катары көрсөтүүнү каалап жатат.
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Украинаны "жакшылыктын жарчысы" катары көрсөткүсү келип, бирок бул аракет майнап бербей жатат. Бул тууралуу кытайлык The Global Times басылмасындагы макалага шилтеме берип
РИА Новости жазды.
"Вашингтон "алсыз күчтүүнү жеңет" деген идеяга ого эле берилип кетти. Ал көздөгөн максатына жетүү үчүн Украинаны жамандыкка каршы күрөшкөн, адилеттүүлүккө умтулган тарап катары көрсөтүүнү каалап жатат. Бирок башында Украина үчүн тынчтыктын жана бакубат жашоонун кепилдиги тууралуу аз-маз сөз болгону менен учурда Батыш лидерлери бул нерселерден баш тартып жатышат", — деп жазылат кабарда.
Ошол эле учурда басылма Батыштын Украинаны курал полигонуна айландырып салганын жазды.
"Киев акыркы алты айда АКШдан 10 миллиард доллардан ашык суммага аскерий жардам алды. Муну менен Украина Батыштын курал-жарагын сыноочу полигонго айланды. Учурда ал жактын саясатчылары жана маалымат каражаттары Украинанын дарегине куру мактоодон башка эч нерсе берген жок. Мисалы, Украина бийлиги Батыштан коопсуздук кепилдигин ала албай жатат", — деп жазган автор.
Басылма чыр-чатактын башталышы, анын узактыгы жана масштабдуу кесепети күтүлүп жаткан нерселерден ашып түшкөнүн жазат. Алты айдын ичинде аскердик жаңжалга энергетика жана каржы маселелери кошул-ташыл болуп калды.
2021-жылдын аягында Россия АКШ жана НАТО менен коопсуздук кепилдиги боюнча келишимдин долбоорлорун жарыялаган. Москва батыштык өнөктөштөрүнөн НАТОнун Чыгышты көздөй кеңейүүсүнөн, Украинаны блокко кошуудан, постсоветтик өлкөлөрдө аскерий базаларды орнотуудан баш тартуусун талап кылган болчу. Январдын аягында АКШ менен НАТО Россиянын коопсуздук кепилдиги боюнча сунуштарына кат жүзүндө гана жооп берип койгон.
Түндүк атлантикалык альянс тирешүүнү каалап жатканын Россия бир нече жолу белгилеген. Ошол эле маалда президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушун формалдуу кадам деп атап, бирок бул иш жүзүндө кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин айткан.