Беш унаа кагышкан. Полиция 14 кыргызстандык көз жумган кырсыктын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
Жазылуу
Кырсыкка кириптер болгон соңку төрт автоунаа жол четинде токтоп турган.
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Россия ИИМинин Ульяновск облусундагы башкармалыгы 16 адамдын өмүрүн алган автокырсыктын чоо-жайы тууралуу маалымат берди.
Кырсык Москва — Рязань — Пенза — Самара —Уфа — Челябинск шаарларын бириктирген М-5 Урал трассасынын 807,9 чакырымында ( Николаев району) болжол менен саат 13:30да катталган. Мында беш автоунаа кагышкан.

"DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу автокөлүк Mercedes 22360С кичи автобусун артынан келип сүзгөн. Мындай кагышуудан алдында токтоп турган DAF машинасына кадалып калган. Ал жүк ташуучу унаа алдында турган Chevrolet Cruze жана Renault Duster автокөлүктөрүн сүзгөн. Соңку төрт транспорт жол четинде токтоп турган", — деп жазылган аймактык полициянын билдирүүсүндө.

Айдоочулар тууралуу маалымат:
Кырсыкты шарттаган DAF — 64 жашта, айдоочулук тажрыйбасы 30 жыл, канынан анализ алынды;
Кичи автобус — 44 жашта, тажрыйбасы 22 жыл, канынан анализ алынды;
Кичи автобустун алдында турган DAF — 46 жашта, тажрыйбасы 24 жыл, соо болгон;
Chevrolet Cruze — 40 жашта, тажрыйбасы 19 жыл, соо болгон;
Renault Duster — 68 жашта, тажрыйбасы 39 жыл, соо болгон;
Ал эми кырсыктын келип чыгышынын себептери тууралуу маалымат берилген эмес.
Ульяновск облусунда болгон ири жол кырсык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
Кырчын өмүрлөр... Ульяновскиде набыт болгон кыргызстандыктардын жаш курагы
Жаңылыктар түрмөгү
0