https://sputnik.kg/20220821/germaniya-rossiya-gaz-inflyaciya-1067001928.html
Financial Times: Россиянын газы жок Германияны рекорддук инфляция тоорушу ыктымал
Financial Times: Россиянын газы жок Германияны рекорддук инфляция тоорушу ыктымал
Sputnik Кыргызстан
Нагель энергетикалык каатчылык тереңдеген сайын келерки кышта рецессия болорун божомолдогон. 21.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-21T10:49+0600
2022-08-21T10:49+0600
2022-08-21T10:54+0600
дүйнөдө
германия
россия
газ
инфляция
https://sputnik.kg/img/103059/07/1030590708_0:193:5226:3132_1920x0_80_0_0_e3ba2334ffec4924ba6cf8f88cc3a0d6.jpg
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Германиянын Борбордук банкынын башчысы Иоахим Нагель өлкө 70 жылдан бери биринчи ирет рекорддук инфляцияга кабылып жаткандыктан негизги ставканы көтөрүү керектигин эскерткен. Бул тууралуу Financial Times басылмасына таянып РИА Новости жазды. Анын айтымында, көтөрүлгөн инфляция көйгөйү Германияны 2023-жылы да түйшөлтөт. Нагель энергетикалык каатчылык тереңдеген сайын келерки кышта рецессия (экономиканын ар тармагындагы кескин төмөндөө — ред.) болорун божомолдогон.Эске салсак, Россия газынын экспорту Украинадагы атайын операция башталгандан кийин төмөндөгөн. "Түндүк агым" жана Украинанын газ ташуу системасы аркылуу жеткирүү кыйла азайып, Ямал — Европа жолу аркылуу ташуу таптакыр токтоду.
https://sputnik.kg/20220820/zhmk-batysh-bul-kysh-oto-tataal-bolot-1066972917.html
германия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103059/07/1030590708_515:0:4691:3132_1920x0_80_0_0_bcc0461d764bb5842a1b10c9cf165ef9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, германия, россия, газ, инфляция
дүйнөдө, германия, россия, газ, инфляция
Financial Times: Россиянын газы жок Германияны рекорддук инфляция тоорушу ыктымал
10:49 21.08.2022 (Жаңыртылды: 10:54 21.08.2022) Нагель энергетикалык каатчылык тереңдеген сайын келерки кышта рецессия болорун божомолдогон.
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Германиянын Борбордук банкынын башчысы Иоахим Нагель өлкө 70 жылдан бери биринчи ирет рекорддук инфляцияга кабылып жаткандыктан негизги ставканы көтөрүү керектигин эскерткен. Бул тууралуу Financial Times басылмасына таянып
РИА Новости жазды.
"Геосаясий тирешүү жана ташып жеткирүү жаатындагы кыйынчылыктар уланууда. Россия газ берүүнү дароо эки эсеге кыскартты. Мындан улам көгүлтүр от менен электр энергиясына болгон баа биз күтүп жаткандан дагы эки эсеге жогорулады", — деген экономист.
Анын айтымында, көтөрүлгөн инфляция көйгөйү Германияны 2023-жылы да түйшөлтөт. Нагель энергетикалык каатчылык тереңдеген сайын келерки кышта рецессия (экономиканын ар тармагындагы кескин төмөндөө — ред.) болорун божомолдогон.
Эске салсак, Россия газынын экспорту Украинадагы атайын операция башталгандан кийин төмөндөгөн. "Түндүк агым" жана Украинанын газ ташуу системасы аркылуу жеткирүү кыйла азайып, Ямал — Европа жолу аркылуу ташуу таптакыр токтоду.