Намыс талашып. Кыргызстандыктардын танк биатлондун II этабында таймашкан видеосу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКыргызстандын аскер кызматчыларынын командасынын Т-72В3 танкы
Кыргызстандын аскер кызматчыларынын командасынын Т-72В3 танкы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Жазылуу
Өлкөнүн танкачылары беш бутанын ичинен үчөөнү таамай ата алды, экөөнө огу тийбей калганы үчүн айып айлампасына жөнөтүлдү.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстандык танкачылар "Танк биатлону — 2022" жарышынын экинчи этабында өз күчүн сынады. Ата мекендик аскерлер өз тобунда Россия, Кытай, Беларусь командалары менен ат салышты.
Мамлекеттин атынан танк командири, лейтенант Азамат Жолдошбеков, аткыч-оператор, кенже сержант Жанболот Эралиев, механик-айдоочу, сержант Азиз Гапуржанов намыс талашты.
Катышуучуларга үч түрдүү бутаны таамай атуу талабы коюлган, эгер аткан огу тийбей калса айып иретинде айлампаны бир-эки ирет айланып чыгат. Кыргызстан беш бутанын үчөөнү так тийгизе алды, экөөнө огу тийбей калганы үчүн айып берилди. Мындан улам финишке жетүү убактысы узарып кетти.
Жарыштын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
Россия — 22:12 минута;
Кытай — 24:48 минута;
Беларусь — 27:58 минута;
Кыргызстан — 44:43 минута.
Биринчи дивизиондо 10 команда бар. 21-августта жарыштын үчүнчү этабы өтөт. Бардык оюндан алган упайлар чогултулуп, жыйынтыгында сегиз команда жарым финалга чыгат. Азырынча Кыргызстан тогузунчу орунда турат.
Кыргызстан командасынын Танк биатлонунун 2-этабындагы жарышы. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Кыргызстан командасынын "Танк биатлонунун" 2-этабындагы жарышы. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0