Мариуполь
Күн батканда бул жак кооптуу
Кыргызстандык журналисттин Мариуполдон репортажы
МАРИУПОЛЬ
Күн батканда бул жак кооптуу
Кыргызстандык журналисттин Мариуполдон репортажы
«Мындайды дегеле көргөн эмесмин», — дейт Sputnik Кыргызстандын редактору Таалайбек Ороскулов. Ал эки апта Донбасста күйгөн имараттардын урандыларын аралап, өлүкканага кирип, көрүстөнгө барып, аты жаман көрүнүштүн кесепетинен баарынан ажырап калган адамдар менен баарлашып кайтты.

Журналист Мариуполдо өз көзү менен көргөндөрүн ачык айтып берди.
Мариуполдун тургуну Олег Жмуркин талкаланган көп кабат имараттагы жүрөк айланткан жытты сезбей деле калгандай. Мен чыдай албай бараттым... Мурун өрдөгөн бул каңырсыган жытты дароо билесиң, чирип кеткен эт ушундай жыттанат.
Олег күйгөн имаратты көрсөтүп, тууганы, 74 жаштагы аялдын сөөгү эки айдан бери ал жакта жатканын айтат.

«Биринчи снаряд жалпы далистерди талкалап кетти. Эжем да, көп адамдар да чыга албай калды. Чар тараптан жалындап жатты. Көргөндөрдүн айтымында, аны плита кысып койгон экен. Бул дагы жеңил өлүм! Анткени башкалар тирүүлөй өрттөнүп кетишти...», — дейт ал.
Бул жакта канча адам өлгөнү белгисиз. Сөөктөрүн алып чыгуу да кооптуу, анткени имараттын калган урандысы да басып калышы ыктымал. Олег мындай апаатка «азовчуларды» айыптайт.
«Блокпосттордо украиналык аскерлер «азовчулар» болбогондо алар куралдарын дароо таштай тургандарын айтышкан. Украина Куралдуу күчтөрүнүн армиясы үрөй учурган иштерге барган жок, ал эми "азовчулар" жырткычтар, улутчулдар!» — деп каңырыгы түтөйт мариуполдук маектешим.
Көпчүлүк мариуполдуктардын айтымында, «Азов» полкунун согушкерлери жашоочуларга шаардан коопсуз жактарга чыгуусуна уруксат берген эмес. «Азовчуларды» калаа тургундарын тирүү калкан катары пайдаланышты деп айыпташат.

Олег сыяктуу өз пикирин айтууга баары эле даай бербейт. Адамдардын көбү шаарга кайра киевдик режим кайтып келеринен чочулашат. Анткени аларга баш ийбегендерди кантип жазалай турганын жергиликтүү эл жакшы билет.
Мариуполдун жашоочуларына көчөгө бейчеки чыгууга тыюу салынат, коменданттык саат кечки 10дон таңкы алтыга чейин созулат. Себеби шаарда дале куралданган диверсанттар кездешет. Алар милиционерлерге, Россиянын саясатын колдогондорго кол салышат.
Көрүстөндөгү кезигүү

Көрүстөндөгү кезигүү

Старокрым көрүстөнүндө миңдей жаңы мүрзө бар. Бүтүндөй бир талаадай. Балдакчан аялды көзүм чалды. Ыйлап дешке да болбойт, ал боздоп жатты...

— Кечиресиз, кимди издеп жүрөсүз?
— Уулумду... Мина үйдүн жанында жарылып, ага ошонун сыныктары тийген. Мени да урандылардын алдынан бутумдан сүйрөп чыгышты. Ооруканада көзүмдү ачтым. Коңшулар баламдын эки жума мурун набыт болгонун, уранды арасында жатканын айтышты. Уулумсуз мен жашай албайм...
Екатерина Трюхан болжол менен уулунун сөөгү жаткан жерди жана номерин гана билет экен. Ал 1003 номери менен көмүлгөн экен.

«Жолдун тээтиги жагында, баламдын бейити ошол жакта», — деп сыздайт эне.

Акыры уулунун мүрзөсүн тапты. Демек, жакында 1003 номеринин ордуна аты-жөнү жазылган чырым пайда болот.
Мариуполдун бийлиги набыт болгондордун баарынын аты-жөнүн тактоо үчүн болгон күчүн жумшап жатканын айтат калаадагы соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси Эльнур Гусейнов.

«Бизге түшкөн сөөктөрдүн 60 пайызы белгисиз эле. Бирок ар бир табытты жеке номер менен көмдүк. Аларды табыш кыйын болбойт», — деп белгилейт ал.
Мариуполдук үй-бүлөнүн табышмагы

Мариуполдук үй-бүлөнүн табышмагы

Олеся Гладкая шаарда баштан-аяк жоголгон адамдарды издөө жарыяларын илип жүрөт. Курбусу бүт үй-бүлөсү менен дайынсыз. Жолдошу, үч баласы, ата-энеси менен Мариуполдон чыгып кетүүгө аракет кылып, бирок алардын унаасына дүрмөт тийген.

Олеся менен курбусунун апасы байланышкан. Аны улуу эки небереси менен ок атылган маалда тез алып чыгып кетишкен, калгандары жарадар болуп машинада калганын айткан. Кийин алардан кабар жок.
Олеся жакын адамынын изин таап каламбы деген үмүт менен өлүкканага да барат. Соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери телефондогу маалыматтар базасын көпкө карап мындай деп сурайт:

— Васичкина?
— Васичкина (курбусунун фамилиясы).
— Аты, атасынын аты?
— Алена Сергеевна.
— 1995-жылы төрөлгөнбү?
— Ооба.
— Анын сөөгү Старокрымдагы көрүстөнгө коюлган, номери – 1484.
Олесянын курбусу, үч баланын энеси дароо жан берген экен. Жанындагы атасы да кайтыш болот. Жолдошу, үч жаштагы кенже уулу кайда экени белгисиз.

«Аларды издеп табууга сөз берем», — деп күбүрөнөт Олеся жанагы 1484 номерлүү бейиттин жанында. Баса, жакында эле аны менен байланыштым. Олеся али өз антын аткара элек экен.
Жоон топ адамды алып кеткен өмүр жолу

Жоон топ адамды алып кеткен өмүр жолу

Бомбалоодон эки ай өткөн соң Мариуполдогу тиричилик шарты мышык ыйларлык. Шаардын көпчүлүк райондорунда суу да, электр жарыгы да жок.

Адамдар ок атылып жатканда суу аккан булакка барууга мажбур болушкан. Бул жолду тынымсыз аткылашчу. Ошондуктан кээде шаар тургундары сууга адамдардын сөөгүн аттап өтүүгө да аргасыз эле.

Сууга баратканда жалгыз жашырына турган жер мечит эле. Украиналык аскерлер аны деле бир нече ирет аткылашкан. Мечиттин алдында христиандар да, еврейлер да, мусулмандар да чогулган. Алардын ар бири өз динине сыйынып, үндөрү кудайга жетсе керек, имарат сакталып калган.
Кайра-кайра ок жаңырган Мариуполдо ушундай кыйын кезеңде адамдардын мыкаачылыгы гана эмес, боорукерлиги да байкалган. Маселен, ачка киши да көчөдөгү мышыкка колундагы катыган нанынан сындырып берип же кудугунан суу алсын деп короосуна каалаган кишини киргизип суу берген адам тууралуу уктум
Жети балалуу мариуполдук үй-бүлөнү кезиктирдик. Ата-эне бала-чакасын октун үнү тыйылбаган калаадан чыгарып кетүүгө тырышканы менен тогуз киши баткан унааны дүрбөлөңгө түшкөн маалда таба алышкан эмес. Көп өтпөй алардын үйүнө да дүрмөт түшөт. .

«Батирибизден кандай кийимчен болсок, ошол боюнча чыктык. Василиса менен Софияны коляскага отургуздум, экөө тең жылаңайлак... Чар тарап бүт күйүп, жарылып жаткан. Жолдошум ушул чатырчада баш калкалап туралы деп калды. Анткени башка барар жерибиз жок», — дейт Татьяна Кокотюха.
Көп бүлөлүү бул жубайлар ээн калган дүкөндөрдүн жер төлөсүндө да түнөп жүрүштү. Акыры бир мугалим аларды өз үйүнө киргизип алган.

«Ок катуулап атыла баштады. Үйлөрдү кадимкидей эле бомбалап киришти... Келсем, балдардын баары отурат, жер төлө да кымындай эле жер болчу. Бири текчеде, кай бири сызда... "Баскыла, биздикине барабыз" деп ээрчитип келдим», — деп эскерет жергиликтүү мугалим Елена Руденко.

Анын үйүнө да дүрмөттөр түшүп, автоматтар аткылап, бирок кудай жалгап эч ким жабыр тарткан эмес.
Мариуполдон жан дүйнөм ооруп кайтты. Азыркы бийликти канчалык тилдеп, жемелегенибиз менен Кыргызстан ондогон жылдар бою тынч күн кечирип, асманыбыз ачык. Мариуполдун тургундарынын жазыгы эмне эле? Элде эч айып жок. Болгону өлкө жетекчилигинен жолу болбой калган.

Азыркы бийлик эскисинин катачылыктарын оңдоодо. Имараттар кайра тургузулуп, адамдар кайрадан үйлөрүнө кайтууда. Мариуполдун көрөр күнү дагы алдыда!
Журналист
Таалайбек Ороскулов

Фото жана видео
Эмиль Садыров
Жаңылыктар түрмөгү
0