Путин Армия оюндарынын ачылышында сүйлөдү. Билдирүүнүн урунттуу учурлары

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Жазылуу
РФ лидери Донбасстагы атайын операциянын жүрүшү тууралуу да маалымат берген.
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бүгүн Москвадагы "Патриот" паркында эл аралык "Армия-2022" аталышындагы аскердик-техникалык эл аралык форум жана эл аралык армия оюндары өттү.
Анын ачылышында Россиянын президенти Владимир Путин сүйлөдү. Билдирүүсүнүн урунттуу учурлары:
Россия аскерлери Донецк жана Луганскидеги элдин тынч жашоосун камсыздоо үчүн коюлган бардык тапшырманы так аткарып, Донбасс жергесин улам арылап бошотуп бара жатат;
РФтин ар кайсы континенттерде көп өнөктөштөрү бар. Ал мамлекеттер бирөөнүн үстөмдүгү астында чөгөлөп калбайт;
Россия Латын Америкасы, Азия жана Африка мамлекеттери менен болгон алаканы чын дилден баалайт жана аларга заманбап куралданууну сунуштоого даяр;
РФ жаңы үлгүдөгү техникаларды жана курал-жарактарды чыгаруу үчүн кооперативдик байланыштарды өнүктүрөт. Өнөктөштөрдү биргелешкен машыгууларга катышууга чакырабыз.
Экинчи дүйнөлүк согуштун миллиондогон курмандыктарынын алдындагы биздин милдет — тарыхты бурмалагандарга катуу жооп кайтарып, русофобия, неонацизм, расизмди таратууга аракет кылгандарга каршы туруу.
Россия президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Путин: Россия өнөктөштөргө, союздаштарга заманбап куралданууну сунуштоого даяр
Жаңылыктар түрмөгү
0