ӨКМ Ысык-Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар бөбөктү издөөнү токтотту

© Фото / пресс-служба МЧС КРЫсык-Көлдө төрт жашар бөбөктү издөө иштери
Ысык-Көлдө төрт жашар бөбөктү издөө иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Жазылуу
Көлгө түшүп кеткен кичинекей кызды дээрлик бир ай издешти. Төрт жашар бөбөк Чырпыкты менен Тору-Айгыр айылдарынын ортосундагы сууга чөккөн.
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдалдар министрлиги Ысык-Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар Аиша Мурдинованы издөөнү токтотту. Бул туурасында ведомствонун мааалымат кызматынан кабарлашты.
Министрликтен бул чечим издөө-куткаруу чаралары боюнча каралган жобого ылайык кабыл алынгандыгын, сууга чөккөндөрдү издөө 20 күнгө созуларын айтышты. Анткен менен бөбөктүн ата-энесинин өтүнүчү менен иштер 24 күнгө созулган.
"Куткаруучулар менен суучулдар бул мезгил ичинде издөө иштерин бардык нормадан ашыкча жасашты. Алардын аракети саат 5:00дөн 21:00гө чейин уланып жатты. Суучулдар 20 метр тереңдикке чейин түштү, куткаруучулардын кеңири тобу чакырылып, иштер жээкте, суунун үстүндө жана тереңде жасалып, бирок жыйынтык болгон жок", — деп айтылган маалыматта.
Ведомстводон кыздын ата-энеси издөөнү өз алдынча улантууга ниеттенип жаткандыгы айтылды.
Эске салсак, бөбөк 2022-жылдын 18-июлунда саат 15:00дөр чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен. Кыздын атасынын айтымында, наристе апасы менен сууда матрас баллондо калкып жүргөн маалда катуу шамал башталып, толкун болгон. Ата-энеси чүрпөсүн алеки заматта таппай калышкан.
Суучулдар кызды издеп жатып Ак-Өлөң айылынын тушунда көлдүн түбүнөн эркек кишинин сөөгүн тапкан.
Канал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
Аламүдүн районунда 18 жаштагы кыз каналга агып, каза болуп калды
Жаңылыктар түрмөгү
0