Балаңызды мектепке каттай албай жатасызбы? Арыздарды кабыл алчу топ түзүлдү

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектеги мектептин 1-классынын окуучулары. Архив
Бишкектеги мектептин 1-классынын окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Жазылуу
Даттануулар эртең мененки саат 8:30дан 17:30га чейин кабыл алынат.
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бүгүн, 15-августтан тарта, Бишкек шаарындагы билим берүү бөлүмдөрү баласын мектепке онлайн каттай албай жаткан ата-энелердин арызын кабыл алууну баштады. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Жаңы окуу жылы башталарына аз калгандыгына байланыштуу министрлик Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте баласын 1-класска каттоого жетишпей калган же каттоо учурунда көйгөй жаралган ата-энелерге көмөк көргөзүү үчүн атайын топ түзгөн.
“Комиссиялык топ ата-энелерден келген арыздарды карап чыгып, тиешелүү микроучастогу боюнча катталуусуна байланышкан маалымат менен камсыз кылат. Аталган топ аптасына эки жолу билим берүү бөлүмүнө келип, калтырылган арыздарды жеринде карап чыгат”, — деп айтылат маалыматта.
Ата-энелер иш күндөрү (дүйшөмбүдөн жумага чейин) тиешелүү микроучастогу боюнча райондук билим берүү бөлүмүнө келип арызын калтырса болот. Даттануулар эртең мененки саат 8:30дан 17:30га чейин кабыл алынат.
Ошондой эле ведомство 15-августтан баштап баласын мектепке каттоодон өткөргөн ата-энелер документтерин мектепке тапшыра баштоосу керектигин эскертти.
Мектеп окуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Окуучулар кандай форма кийишет? Министрликтин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0