Россияда Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандык жоокердин медальону табылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссияда табылган Ата Мекендик согушка катышкан жоокердин медальону. Архив
Россияда табылган Ата Мекендик согушка катышкан жоокердин медальону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2022
Жазылуу
"Биздин Жеңиш — Наша Победа" издөө кыймылы Жансеитовдун айылдаштарын, туугандарын, үй-бүлөсүнүн тааныштарын издеп жатат.
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Россиянын Тверь облусунда издөө иштери учурунда Жалал-Абад облусунда туулган Сатыбалды Жансеитовдун медальону табылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине "Биздин Жеңиш — Наша Победа" издөө кыймылынын жетекчиси Светлана Лаптева билдирди.
Медальондо "Жансеитов (Джажетов/Джансаитов) Сатыбалды (Сатывалды), 1923, Кыргыз ССР, Жалал-Абад облусу, Октябрь району, Ворошилов атындагы колхоз. Жубайы Ханзада" деген жазуу бар.
Издөө кыймылы кыргызстандыктарга кайрылып, Жансеитовдун туугандарын табууга көмөктөшүүнү өтүнүүдө. "Память народа" порталындагы маалыматтарга караганда, ал 1923-жылы туулган. Кызыл армиянын катарына 1942-жылы тартылган. Согушка кеткенге чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Октябрь районундагы Ворошилов атындагы колхоздо жашаган. Медальондо жубайынын аты Ханзада деп жазылган. "Эскерүү китебинде" болсо Жансеитов дайынсыз жоголгон деп көрсөтүлгөн.
"Биз бардык мекендештерди издөөгө кошулууга чакырабыз. Себеби 23-август күнү жоокерлердин сөөгүнүн калдыктары Тверь облусундагы Зубцовский аймагындагы Веригино айылында кайра көмүлөт. Курман болгон жоокерди аскердик жана улуттук салтка ылайык туугандары же мекендештери, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү узатышы керек", — деди Лаптева.
"Биздин Жеңиш — Наша Победа" издөө кыймылы менен (0555) 923 603 номери же ptahasvet@mail.ru дареги аркылуу байланышса болот.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
Түлөбердиевдин ысымы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган
Жаңылыктар түрмөгү
0