Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Электрондук каттоодо ката кетип, бала 1-класска кирбей калса эмне болот? Жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучу мектепте. Архив
Окуучу мектепте. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2022
Жазылуу
Вице-мэр бир дагы бала билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калбашы керектигин, бул укук Конституцияда кепилденгендигин айтты.
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Эгерде бала бир катар себептерден, анын ичинде электрондук каттоо системасындагы мүчүлүштүктөрдөн улам 1-класска кире албай калса эмне кылуу керек? Бул суроого Бишкектин социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жооп берди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "Бишкектеги мектептерде жана бала бакчаларда окуу жылы кандай өтөт" деген аталыштагы брифингге катышкан.
Журналист вице-мэрден электрондук каттоо системасындагы мүчүлүштүктөрдөн улам жашаган жериндеги мектептерге кирбей калган 1-класстын окуучулары эмне болорун сурады.
© Sputnik / Табылды КадырбековВице-мэр Бишкека Виктория Мозгачева
Вице-мэр Бишкека Виктория Мозгачева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2022
"Микроучастоктордо жашаган балдарды мектепке берүү үчүн документтердин пакети жана арыз менен райондук билим берүү борборуна кайрылуу керек, анын алдында комиссия иштейт. Алар аркылуу министрликке маалымат жөнөтүлүп, электрондук эсепке алуу системасына киргизилет. Бир дагы бала билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калбашы керек. Бул укук Конституцияда кепилденген", — деди Мозгачева.
Ал 15-августтан тарта 1-класска барчу балдардын документи кабыл алына баштаарын эске салды. Электрондук каттоодон өткөн ата-энелер мектепке бардык керектүү документтерди тапшырышы зарыл.
"Жыл сайын мектепке барууга милдеттүү болгон балдардын "Август эсебин" өткөрөбүз. Бала өз убагында мектепке бара албай калганынын субъективдүү да, объективдүү да себептери болот. Айрым учурларда ички миграцияга байланыштуу болсо, кээде баланын саламаттыгынан көз каранды болуп калат. Бүгүнкү күндө мындай бөбөктөр дагы балдар иштери боюнча комиссия аркылуу мектепке кабыл алынууда", — деп жыйынтыктады вице-мэр.
Эске салсак, быйыл окуу жылы адаттагыдай эле 1-сентябрда башталат.
Жумуштагы жыйын. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2022
Пресс-борбор
1-сентябрга чейин мектеп директорлору дайындалып бүтөбү? Вице-мэрдин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0