Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Донецкидеги заводго чабуул болуп, аммиак агып кетти

© Sputnik / Сергей Батурин / Медиабанкка өтүүДонецкидеги сыра заводун украиналык аскерлер аткылады
Донецкидеги сыра заводун украиналык аскерлер аткылады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
Жазылуу
Сокку урулган учурда заводдо 32 адам болгону, анын бири көз жумганы айтылууда.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Донецкидеги сыра заводун кечээ кечинде украиналык аскерлер аткылап, натыйжасында аммиак агып, түн ичинде араң токтотулганы тууралуу РИА Новости жазды.
"ДЭРдин аймактык коргонуу штабы 10-августтун кечинде украин аскерлери Калинин районундагы сыра заводун аткылап, андан аммиак агып кеткенин кабарлаган. Ал эми ӨКМ чабуул жасалган учурда заводдо 32 адам болгонун, кеминде бир адам каза таап, дагы экөө жаракат алганын билдирди", — деп айтылат кабарда.
Ошондой эле 600 чарчы метр аянтта желим идиштер күйгөнү маалым болду.
"Учурда куткаруучулар өрттү өчүрүп жатышат. Полиция өндүрүш аймагынын кире беришин жаап салган. Заводдун айланасы аммиак жыттанып жаткандыктан аскерлер химиялык чалгындоочу аппарат менен текшерип, абада аммиак бар экенин аныкташты", — деп айтылат билдирүүдө.
ӨМК куткаруучулары заводдон чыгып жаткан аммиакты түнкү саат бирлер чамасындар токтоткон.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Мария Захарова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия: дүйнөнү кыл учуна кептеген АЭС кооптуулугун Байден токтотуп коё алат
Жаңылыктар түрмөгү
0