Айсулуу Тыныбекова Ислам оюндарынын финалына чыкты

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
Жазылуу
Түркиянын Конья шаарында Ислам тилектештиги оюндары өтүп жатат.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарынын финалына чыкты.
62 килограмм салмак категориясы боюнча кармашкан Тыныбекова чейрек финалда казакстандык каршылашын 12:2 эсеби менен жеңип алды. Жарым финалда сенегалдык Сафиет Гудиаби менен беттешип таза жеңишти камсыздады. Ал эми финалдык кармаш бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат.
Ал арада эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев биринчи кармашта тажикстандык спортчуну 11:0 менен жеңип алды. Эми ал жарым финалда күч сынашат.
Түркиянын Конья шаарында Ислам тилектештиги оюндары өтүп жатат. Ага жалпы жонунан 56 мамлекеттен келген 4 200 спортчу катышууда. Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамында спорттун 16 түрү боюнча 158 киши катышууда.
Ислам шериктештиги оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
Формасы жактыбы? Ислам оюндарында параддан өткөн кыргыз спортчуларынын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0