https://sputnik.kg/20220810/direktor-y-kamagynda-16-sentyabrga-cheyin-bolmokchu-1066680493.html
№61 мектептин директору Низовский үй камагына чыгарылды
№61 мектептин директору Низовский үй камагына чыгарылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский үй камагына чыгарылды. Бул... 10.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-10T21:48+0600
2022-08-10T21:48+0600
2022-08-10T22:26+0600
бишкек
юрий низовский
директор
сот
камак
баш коргоо чарасы
https://sputnik.kg/img/07e6/08/0a/1066666317_0:148:1638:1070_1920x0_80_0_0_e01601b334ae9b7ec15a7a6a5fcda033.jpg.webp
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.Низовскийдин баш коргоо чарасы бүгүн тандалган. Ал үй камагында 16-сентябрга чейин болмокчу.Директор кечээ УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Низовский балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемесине жана 1-класска киргизүүдө көрсөткөн жардамы үчүн бир нече жолу акча алган деп шектелүүдө. Белгилей кетсек, Юрий Низовский №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексин 28 жылдан бери башкарып келет. Ал Билим берүү жана илим министрлигинин беш жылдан ашык иштеген директорлорду жумуштан алып, кайра конкурс аркылуу тандоо боюнча реформасына каршы болуп сынакка катышуудан баш тартканын айткан. Аны менен катар кээ бир ата-энелер аны ордунда калтырууну талап кылышууда.
https://sputnik.kg/20220810/yurij-nizovskij-zhonundo-ehmne-belgiluu-1066665826.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/0a/1066666317_119:101:1444:1095_1920x0_80_0_0_74077971e631f6b1c11d59511e558818.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
бишкек, юрий низовский, директор, сот, камак, баш коргоо чарасы
бишкек, юрий низовский, директор, сот, камак, баш коргоо чарасы
№61 мектептин директору Низовский үй камагына чыгарылды
21:48 10.08.2022 (Жаңыртылды: 22:26 10.08.2022) БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Низовскийдин баш коргоо чарасы бүгүн тандалган. Ал үй камагында 16-сентябрга чейин болмокчу.
Директор кечээ УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Низовский балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемесине жана 1-класска киргизүүдө көрсөткөн жардамы үчүн бир нече жолу
акча алган деп шектелүүдө.
Белгилей кетсек, Юрий Низовский №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексин 28 жылдан бери башкарып келет. Ал Билим берүү жана илим министрлигинин беш жылдан ашык иштеген директорлорду жумуштан алып, кайра конкурс аркылуу тандоо боюнча реформасына каршы болуп сынакка катышуудан баш тартканын айткан. Аны менен катар кээ бир ата-энелер аны ордунда калтырууну талап кылышууда.