11-августка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАт-Башынын тоолору. Архивдик сүрөт
Ат-Башынын тоолору. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
Жазылуу
10-12-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Чүй, Талас, Баткен, Нарын өрөөндөрүнүн кээ бир райондорунда, Ысык-Көлдүн көпчүлүк жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Талас, Ысык-Көл жана Нарын аймагында +24...+29 градус болот.
Бишкекте күндүн экинчи жарымында, Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +35...+37, ал эми Чолпон Атада +24...+26 градуска жетет.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында эл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Августта аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0