Ош шаарындагы мектептерге 200 мугалим жетишпейт. Бош орундардын тизмеси
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМектеп мугалими. Архивдик сүрөт
![Мектеп мугалими. Архивдик сүрөт Мектеп мугалими. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022](https://sputnik.kg/img/104588/41/1045884115_0:178:2400:1528_1920x0_80_0_0_d2a66b0cd8d1d7d702b135dc8228d0a2.jpg)
Жазылуу
Башталгыч класстын мугалими да тартыш болуп жатканы байкалат.
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Ош шаарында 180 мугалимдин орду бош турат, анын ичинен басымдуу бөлүгү орус тилдүү мектептерге талап кылынат. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, төмөнкү предметтер боюнча мугалимдер жетишсиз:
башталгыч класстын мугалими — 47 адис, баары орус тилдүү мектеп үчүн;
орус тили жана адабияты — 36 адис, 33ү орус тилдүү, экөө кыргыз тилдүү, бирөө өзбек тилдүү мектепке;
математик — 22 адис, 20 орус тилдүү, бир кыргыз тилдүү, бир өзбек тилдүү мектепке;
физик — 15 адис, 14 орус тилдүү, бир өзбек тилдүү мектепке;
географ — 14 адис, 13 орус тилдүү, бир өзбек тилдүү мектепке;
англис тилчи — 10, тарыхчы — 10, дене тарбиячы — 10, химия сабагынан сегиз, музыка предметинен сегиз — баары орус тилдүү мектепке.