Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Запорожье облусу Россияга кошулуу боюнча референдум өткөрөт

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүЗапорожье облусунун жетекчиси Евгений Балицкий. Архивдик сүрөт
Запорожье облусунун жетекчиси Евгений Балицкий. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2022
Жазылуу
Атайын операция учурунда россиялык аскерлер Херсон облусу менен Запорожьенин бир бөлүгүн өз көзөмөлүнө алган. Эки облус тең РФтин субъекти болуу ниетин билдирүүдө.
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Запорожье облусунун жетекчиси Евгений Балицкий аймактын Россияга кошулушу үчүн референдум өткөрүү жөнүндөгү буйрукка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Балицкий документке Мелитополдо өтүп жаткан "Биз Россия менен" деген коомдук кыймылдын форумунда кол койгон. Иш-чарага облустун чар тарабынан келген 700дөн ашык өкүл катышты. Форумдун катышуучуларынын кайрылуусун аймактын администрациясынын башкы кеңешинин мүчөсү Владимир Рогов окуп берди.
"Эркин тандоо принцибине таянып, биздин аймактын ар бир жашоочусунун оюн башкы баалуулук катары эсептөө менен биз Запорожье облусун Россия Федерациясынын курамына толук укуктуу субъект катары киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү ниеттенип жатканыбызды билдиребиз. Биз бир элбиз жана чогуу болобуз", — деп жазылган текстте.
Залда отурган делегаттардын бардыгы макулдугун билдирип кол көтөрүштү.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский видеокайрылуу жасап, референдум өтө турган болсо Москва менен боло турчу бардык сүйлөшүүлөр токтотула турганын айткан. Ал эми Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул жерде Зеленский Россияга эмес, ошол аймакта жашап жаткан адамдарга кайрылуусу керектигин белгилеген. Себеби референдум өткөрүү жай тургундардын каалоосу болуп жатканын кошумчалаган.
Атайын операция учурунда россиялык аскерлер Херсон облусу менен Запорожьенин бир бөлүгүн өз көзөмөлүнө алган. Аймакка жаңы администрация түзүлүп, рубль менен эсептешүү башталды. Ошондой эле россиялык телеканалдар менен радиостанциялар иштеп жатат. Эки облус тең РФтин субъекти болуу ниетин билдирүүдө.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина менен АКШ РФке кошулам деген аймактарда референдум болтурбоону сүйлөшүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0