"Пара алып жаткан". УКМК мамлекеттик нотариусту кармады
12:44 08.08.2022 (Жаңыртылды: 12:51 08.08.2022)

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Жазылуу
Атайын кызматтан кошумчалагандай, нотариус кармалган учурда 250 миң сом алып жаткан.
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
"Ал УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгында катталган кылмыш иштин алкагында пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Кызматкер батирге мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында Россиянын жаранынан 3 миң доллар талап кылган", — деп айтылат билдирүүдө.
УКМКдан кошумчалагандай, нотариус кармалган учурда 250 миң сом алып жаткан.

1/3
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу пара алууга шектелип кармалды

2/3
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
УКМКдан кошумчалагандай, нотариус кармалган учурда 250 миң сом алып жаткан

3/3
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине ("Опузалап пара алуу") ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине ("Опузалап пара алуу") ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.