Сасык тумоо кан айлануу системасынын ишин алсыратат. Жаңы изилдөө

© Фото / Pexels / Andrea PiacquadioСасык тумоо менен ооруган кыз. Иллюстративдик сүрөт
Сасык тумоо менен ооруган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2022
Жазылуу
Грипптин сезону жакындап келе жатканда иммунитетти бекемдеп, вакцина алуу сунушталат.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ар кандай инфекциялар менен организмдин сезгенүүсү адамдын канчалык жаш экенине карабай кан айлануу системасына катуу зыян келтирет. Бул тууралуу Medical Express медициналык басылмасы жазды.
Мындай бүтүм чыгарардан мурда Германиянын Рак илдетин изилдөө борбору менен HI-STEM институтунун илимпоздору чычкандарга бир нече жылга созулган изилдөө жүргүзүп көрүшкөн. Жыйынтыгында жугуштуу ооруга чалдыгып же сезгенип калган чычкандардын кан клеткаларын калыптандырчу элементтер бир жыл бою жетиштүү деңгээлде регенерация боло албасы аныкталган.
"Мындан улам адистер мындай илдеттерден кандын курамы жана кан тамырлар аз болсо дагы кайра калыбына келгис болуп бузулат деген жыйынтыкка келишти. Демек, акырындык менен кан айлануу системасынын өмүрү кыскара берет", — деп айтылат макалада.
Эң кызыгы, бир нече жолу катары менен инфекциялык илдетке кабылган жаш чычкандардын организминде көбүнесе карыганда пайда боло турган дарттар байкала баштаган. Мисалы, жаңы кан оңой менен иштелип чыкпай, анемия оорусу пайда болгон.
Мындан улам адистер сасык тумоо организм, анын ичинде кан айлануу системасын оор кесепеттерге кептей турганын эскертип, өзүнө камдуу болууга чакырат. Ал үчүн адамга грипптин сезону келе жатканда иммунитетти бекемдеп, вакцина алуу сунушталат.
Медиктер COVID менен ооруган бала менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2022
Педиатр: COVID-19га кабылган балдардын когнитивдүү функциялары начарлоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0