Кайсы аймакта жаан көп жаайт? Алдыдагы аптага аба ырайы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЫсык-Көлдөгү Ак-Кеме теплоходу
Ысык-Көлдөгү Ак-Кеме теплоходу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2022
Жазылуу
Синоптиктердин айтымында, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бирок 8-9-10-августта күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу божомолун таратты.
Ага ылайык, айрым аймактарда апта бою күн ачык болсо, башкаларында жаан-чачындуу болот.

Чүй, Талас облустары

7-августта күндүз жана 8-августта түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 8-9-августта күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт.
10-августта түнкүсүн жаан-чачын болбогону менен күндүз жана 11-августта кээ бир райондордо жаан себелейт. 12-августта өрөөндөрдө күн ачык болот.

Ош облусу

6-12-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Баткен, Жалал-Абад облустары

Бул эки аймакта апта бою өрөөндөрдө күн ачык болот. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо гана маал-маалы менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Эки облуста тең апта жан-чачындуу болору божомолдонууда. Түнкүсүн көпчүлүк жерлерде жаан жаабаганы менен күндүз ар кайсы райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Анткен менен Нарында 12-августта күн ачык болот.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында эл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Августта аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0