Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сагынтай уулу: Кыргызстанда быйыл 94 жайлоо бала бакчасы иштеди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жайлоо өнүгүү борборлорунун" координатору Арстанбек Сагынтай уулу
Жайлоо өнүгүү борборлорунун координатору Арстанбек Сагынтай уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Жазылуу
"Жайлоо өнүгүү борборлорунун" координатору Арстанбек Сагынтай уулу аталган долбоор малчылардын балдарын окутуу багытында сегиз жылдан берип иштеп келерин айтты.
"Жайлоо өнүгүү борборлору" 2014-жылдан бери Кыргызстандын аймактарында иштеп келет. Алгач жайлоолордо 35 бала бакча ачылса, 2022-жылы 95-100дүн тегерегиндеги окутуу борборлору иш алып барууда. Сегиз жылдын аралыгында 16 миңден ашуун бала аталган долбоорго катышты. Бул тууралуу Арстанбек Сагынтай уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Сагынтай уулу: Кыргызстанда быйыл 94 жайлоо бала бакчасы иштеди
Анын айтымында, "Жайлоо өнүгүү борборлору" долбоорунун максаты жайлоо шартында жашаган балдардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп берип, ар тараптуу өнүктүрүү болуп саналат.
"Кыргызстанда жашаган балдардын 28 пайызы гана бала бакчага барат. Мына ушул көйгөйдү чечип, абалды жөнгө салуу үчүн "Жайлоо өнүгүү борборлору" иштеп келет. Долбоордун алкагында биз балдар гана эмес, ата-энелер менен да иш алып барып, алардын балага тарбия берүү жөндөмүн арттырганга аракет кылуудабыз. Ушул жылдардын ичинде алты миңдей ата-эне, 1 400дөн ашык педагог жана 38 чет элдик ыктыярчылар, 550дөй кыргызстандык ыктыярчы жана студенттер менен иштештик. Балдар жайкы каникул мезгилинде күнүнө үч саат бекер окушат, жаңы көндүмдөрдү үйрөнүшөт. Көп учурда жергиликтүү тургундар жайлоо бала бакчасын ачуу сунушу менен кайрылышканда биз уюштуруп беребиз. Мисалы, тажрыйбабызда ошол айылдагы стационардык бала бакчанын тарбиячысы жайкысын жайлоого барып балдарды окуткан учурлар көп. Жалпы 100 жайлоо бала бакчасы болсо, анын 70и дал ушундай ыкмада иштейт. Негизи мындан да көп ачуу ниетибиз бар, бирок ал үчүн көп каражат керектелет. Долбоордун туруктуу донору жок болгондуктан жыл сайын мамлекеттик жана жеке уюмдарга кайрылып колдоо издеп келебиз. Учурда ушундай тартипте чогулган каражат менен бакчаларды каржылап жатабыз. Ал эми педагогдордун айлык маселесин кээ бир жерлерде айыл өкмөтү же жайыт комитеттери колго алышат. Быйыл Баткенде 12, Жалал-Абадда 15, Ысык-Көлдө 12, Нарында 26, Талас облусунда 3, Ош жергесинде 26 бала бакча иштеп жатат", — деди Сагынтай уулу.
Ал буга чейин 70тен ашык педагог, тарбиячылар Түркиянын Стамбул шаарындагы бала бакчаларды кыдырып, тажрыйба алмашып келгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0